Виктория Бирюкова. Феминистканын окуясы

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 25 Ноя 2020 15:06
0 ой-пикир

Джамиля Дандыбаева — атайын Elgezit.kg үчүн.

“Керең” жана “таш боор” коомчулукта көбүнчө адамдар “ыңгайсыз” болуп калышат. Баардык эле адам бир нерсени жакшы жакка өзгөртүүдө эрктүүлүгүн көрсөтүп, өз укугун, эркиндигин активдүү түрдө коргой албайт.

Бул маектин каарманы — Виктория Бирюкова — көпчүлүккө үлгү: ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз болгондуктан андан кандайдыр бир милдеттүү тартипти талап кылышчу (13 жашында инсульт алганы кийинчерээк билинген — авт). Бирок ал чөгүп кеткен жок. Ал сүткө түшүп кетип, бирок аны чалып отуруп сүттөн чыгып кеткен бакадай эле болчу. Байыркы грек акыны айткандай, эгерде туруштук берсең бардык кайгыны жеңүүгө болот. Эми Викториянын өзүн угуп көрөлү.

— Виктория, сиз феминист экениңизди качан түшүндүңүз?

— Менде феминисттик көз караш бала кезимде эле калыптанса керек деп ойлойм. Себеби бала чагымда кимдир бирөө аял үчүн эң негизгиси күйөөгө тийип, бала төрөө экенин айтканда мен эмнеге андай болушу керек деп ойлончумуню Мен буга каршы болчумун. Же мисалы, бешинчи класста окуп жатканда классташтарымдын кыздарга каршы айтылган пикирлери боюнча талашып кетчүмүн. Мени кемсинткен сөздөргө чыдай алчу эмесмин. Азыр гана мен туура кылып жүргөнүмдү түшүндүм. Мындай сезим жашоодо абдан чоң жардам берет. Бул үчүн апама абдан ыраазымын, ал мени туура багытта тарбиялаган экен. Ал феминист эмес, бирок кандайдыр бир көз караштары феминизмге дал келет.

— Гендердик теңсиздик ар бирибизге тиешелүү экенин өзүңүздүн же айланаңыздагылардын мисалында түшүндүрүп берсеңиз.

— Эң эле жөнөкөй мисал – гендердик стереотиптер. Баары абдан чиеленишкен. Эркектин жана аялдын жумушу деген жок. Эркек бала тамак жасаганды жактырып, сулуулук салонунда иштесе, ал эми кыздар сантехниканы оңдоп, тай боксун жактырганы абдан сонун да. Кайсы бир тармакта, жумушта эркектердин же аялдардын көп болгону бул иш бир гана аларга таандык дегенди билдирбейт. Биз жынысыбызга туура келбейт деп эсептеген иш менен алек болсок көптөгөн стереотиптерге, сындарга кабылабыз. Эркек киши тырмакты көркүнө келтирип иштесе, ал башка эркектер тарабынан “көгүш” деп аталышы мүмкүн. Эгерде кыз киши футбол көрүп жатса, аны көпчүлүк өзүнө эркек издеп жүрөт деп түшүнүшү мүмкүн. Гендердик стереотиптер болбосо дүйнөдө өз ишин сүйгөн адистер эки эсе көп экенин көрмөкпүз. Бул эң көп кезиккен мисал.

Дагы бир мисал. Жаңы унааларды краш-тесттен эркектер гана өткөрөт. Ал унааларда эркектердин-манекени турат. Аялдардын анатомиясынын өзгөчөлүктөрү эске алынбайт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу айтпай эле коеюн…

— Сиздин оюңузча, Кыргызстандагы аялдар кандай көйгөйлөр менен туш болот? Сиз өзүңуз кандай көйгөйлөргө туш болдуңуз эле?

— Биринчи кезекте, албетте зордук-зомбулук: психологиялык, физикалык, сексуалдык. Менин ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелген. Мендей айымдар башкаларга караганда зомбулукка 12 эсе көп кабылышат. Биз качып кете албайбыз, кыйкыра албайбыз, үйдөн кетип кала албайбыз, себеби жеңилдиктер жана дарылар жашаган жериңе байланган.

Биз бизге зомбулук көрсөткөндөрдө материалдык жана моралдык жактан көз карандыбыз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар зомбулуктан корголгон эмес жана айрым учурларда төрт дубалдын ичинде, 24 саат бою, 7 күн зомбулукка кабылып калган учурлары болот.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар өзүн коргоп же качып кете албайт. Баш калкалоочу жайлар жеткиликсиз, кризистик борборлор тууралуу кеп кылбай эле коеюн. Биз жашаган жерибизге байланганбыз, зомбулук көрсөткөндөрдөн кете албайбыз.

Жакынкы күндөрдөн бери мен саясатка кадам таштап баштадым. Менин оюмча, саясатта дагы гендердик теңчилик жок. Акылдуу, күчтүү саясатчы айымдар аз. “Ал ишин жөндөп кете албайт”, “үйдө отур, эмне кереги бар” деген мамиле бар. Бирок ал ишин жөндөп кете албайт эмес, силер ага мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар!

— Активдүүлүгүңүз тууралуу айтып берсеңиз: Феминизм менен кандай максаттарга жетип жатасыз? — Мен социалдык тармактарга пикиримди жазып, феминизм тууралуу темаларды козгойм. Мен жакында эле зомбулукка каршы пикир жаздым. Онлайн-каршылыгымды билдирдим десем болот. Биздей адамдардын көбү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын атынан сүйлөп жатам) митингдерге, акцияларга, пикеттерге катыша алышпайт, бирок мен биздин үнүбүздү жеткирүүнү каалайм! Ошондой эле жашоодо дагы активдүү болууга аракет кылам. Тренингдерге катышып турам, көп окуйм. “Ооба, менин ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ооба, мен феминистмин. Ооба, мен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын укугу үчүн күрөшүп жатам” деп айтууга мүмкүнчүлүк жаралган аянтчалардын пайда болгону кубандырат.

Жыл сайын биздин «Равенство» и ОО «Назик-Кыз» уюмдарыбыз тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана аялдар үчүн жайкы мектептер уюштурулат. Биз дикриминацияга, зомбулукка туш болгон аялдарга колдоо көрсөтөбүз. Бул иштер өз жемишин берип жатат.

— Аялдар эркиндик жана сый мамилеге “татыктуу” болуш керек дегендерге кандай карайсыз?

—Тилекке каршы, бул абдан жайылган пикир жана Борбордук Азияда басымдуулук кылат. Чындыгында аялдар эч кимге, эч нерсе карыз эмес. Мен андай пикирдеги адамдар менен сүйлөшпөйт да болчумун: адам мени уккусу келбесе аны менен баарлашкым да келбейт. Ушундай эле болсун. Эгерде адам чындап эле аялдар кимдир бирөөнүн сыйына татыктуу болуш үчүн жан үрөш керек десе, анда биздин жолубуз бир эмес. Алардын пикирин өзгөртүүгө аракет кылгыдай мен ким элем? (күлүп).

— Сиз коомчулукта кандай стереотиптерге жана кодулоолорго туш болдуңуз эле?

— Сүйлөшүүнү майып аялдын көз карашы менен улантам. Башкача айтканда, бул жөн гана басмырлоо эмес, бул өтө көп басмырлоо экендигин түшүнүшүңүз керек. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды эне, кыз, аял катары гана көрүшөт. Биз бул ролдорду аткарууну кабыл алууга даяр болгонубузду билишкенде гана биз тууралуу сөз болот. Мен бул абалды өзгөрткүм келет. Сиздин сурооңузга жообум ушул. Дагы бир жолу кайталайм, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар пикирин коомго жеткире ала тургандай аянтчалар пайда болгону кубандырат. Ал жакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар бардык көйгөйлөрдү талкуулай алышат: зордук-зомбулук маселесинен тарта саясатка чейин.

— Феминисттер тууралуу айтылып келген “тамашалар” тууралуу сүйлөшпөйлүбү. Сизди жөн жерден эле каралап, Сизге кандайдыр бир түшүнүктөрдү жабыштырышкан учурлар болду беле?

— Андай учурлар абдан эле көп болот. Феминист катары дагы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айым катары дагы. Мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдын жынысы жок катары кабыл алышат, алар сексуалдык жашоого таасир бере алышпайт, бирөөнүн мойнунда отурушат, билимсиз дешет.

Ал эми феминизм тууралуу айтсам, эгерде феминист болсоң ЛГБТ коомулуктун өкүлү деп ойлошот. Албетте, бул чоң жаңылыштык. Феминизм бул социалдык кыймыл, одоно айтканда, ал сексизмди жеңүүгө багытталган. Анда бардык аялдар өздөрү каалагандай болот (беш баланын апасы, кванттык физика тармагында окумуштуу, сүйүктүү жубай, саясатчы ж.б.). Дагы бир стереотип бар: “феминисттер агрессивдүү” деп ойлошот. Бул дагы чындыкка дал келбейт. Мен ага мисалмын (күлүп). Феминисттердин басымдуу көпчүлүгү пацифисттер, зордук-зомбулук акыры жок болуп кетмейинче ага туруштук берүүнү туура көрүшөт. Себеби, күрөш гана укук берет…

Айрым пикириңиздер дал келбеген адамдар менен мамилени үзүп койгон учурлар болду беле? Сизге акыл үйрөткөндөр азыраак болуш үчүн эмне кыласыз?

— Чындыгында эле айрым адамдар менен мамилени токтоткон учурлар болгон. Мисалы, мурда көп нерсеге чыдап жүрө берчүмүн. Азыр сөз жеке мамиле эмес, достор жана тааныштар тууралуу болуп жатат. Айрымдар адамды кемсинтип тамашалашат. Андай учурлар жакпайт. Азыр айланамдагылар муну түшүнүп калышты жана унчугушпайт. Мен феминистмин жана феминизмди коргойм деп ачык эле айтам. Бул баарына жакпай турганын түшүнөм, бирок алар үчүн жашабайм да.

— Сиз фем-оптикасы бар адам катары айтсаңыз, биз кайда бара жатабыз? Тең укуктуулук, бирдей мүмкүнчүлүк үчүн күрөшүү кандай?

— Феминизм аркылуу мен башка аялдардын жана өзүмдүн укугум үчүн күрөшө алам. Эми эч качан унчукпай отурбайбыз. Биздин үнүбүздү уккандар болуш керек. Мен ар бир аял эмне кыларын, сырткы келбети кандай болорун өзү чечсе деп, ошого далалат кылып келем жана аялдын жасаган тандоосуна эч ким кийлигишип, ушактабаш керек.

Ал эми ден соолугумдун мүмкүнчүлүгүнүн чектелгени тууралуу айтсам, мен көптөн бери “жакшы жашоо” тууралуу кыялданып келгем, ал патриархалдык шаблон болчу: мамиле куруу, сөзсүз күйөөгө тийүү, бала төрөө, ден соолугуңдун мүмкүнчүлүгү чектелгенин жашыруу… Азыр болсо тең укуктуулук үчүн күрөшөм. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын тең укуктуулугу, бирдей мүмкүнчүлүгү үчүн күрөшөм. Менин күрөшүм ушундай…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.