Депутат: СИЗОдо Эмил Кимсановду өлтүрүп коюшу мүмкүн

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 12:04
0 ой-пикир

СИЗОдо бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмил Кимсановду өлтүрүп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 18-июндагы парламенттин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, акыркы убакта СИЗОдо кармалгандардын сабалганы боюнча видеолор тарап жатат. Бирок, ЖАМК аларды  фейк деп атап жатат.

«Мындай жапайчылык болбошу керек. Эмил Кимсановдун сабалганы боюнча качан териштирүү башталат?», — деди депутат ЖАМКтын өкүлүнө кайрылып. 

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айбас Кадыров бул факт боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтты. 

«Бул боюнча текшерүү жүрүүдө. Бирок, Кимсанов көрсөтмө бербей жатат», — деди ЖАМКнын өкүлү.

Д.Бекешев өз кезегинде: «Ал корккондуктан көрсөтмө бербей жатат да. Эгер ал көрсөтмө берсе, аны кайра сабап, же болбосо өлтүрүп салышат. Силер муну жакшы түшүнүп турасыңар. Тартип орнотуу керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевди токмоктогон деген шек менен абакка алынган.

Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя күйөөсү абакта сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган. Аталган видео тасмада Эмилбек Кимсанов Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү, тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергени айтылат.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий берген эмес. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

ЖАМК «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген маалыматты фейк деп атаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.