Элден жашырган видео. Эмилбек Кимсановдун СИЗОдо кандайча сабалганы жарыяланды

Окуялар тизмеги 16 Июн 2020 16:56
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы мурунку бажычы Эмилбек Кимсановдун катуу сабалгандыгы боюнча видео таркады. Тасманы анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“Кечээ мен Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда Э.Кимсановдун сабалгандыгы жөнүндө далилдерди алдым. Бул видеодо эки дени адам Э.Кимсановду катуу сабап салышкан. Административдик ресурсту колдонуп, аны тергөө изоляторуна камап салганынын далили эмеспи? Алар аны ошол жерде күтүп алышты жана өз кожоюндарына отчет берүү үчүн бүткүл процессти видеого тартышкан. Буга чейин уруп-сабоо белгилери бар сүрөттөрдү жарыялаганбыз.

Окуя убактылуу кармоочу жайына өткөрүлүп берилгенден кийин, 3.04.20да, №1 тергөө абагында отурган биринчи күнү болгон”, — деп жазган адвокат.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевди токмоктогон деген шек менен абакка алынган.

Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя күйөөсү абакта сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган. Аталган видео тасмада Эмилбек Кимсанов Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү, тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергени айтылат.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий берген эмес. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

ЖАМК «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке кагып келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.