Кимсановдун сабалгандыгы жөнүндө видео фейк болушу мүмкүн, — ЖАМК

Окуялар тизмеги 17 Июн 2020 12:32
0 ой-пикир

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди.

ЖАМК тараткан маалыматта “Тасманы жайлатып көргөн учурда ал тартылган жер Кимсанов отурган абакка окшошпогону байкалды. Тасмада кишилердин жүздөрү даана көрүнгөн эмес. Бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп жазылган.

Ошондой эле маалыматта Эмилбек Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-апрелде жеткирилип, дагы үч киши менен чогуу карантин камерасына киргизилгени, 4-апрелде Кимсанов башкалар менен чатакка барбаганын жана адвокатынын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деген билдирүүсүнө кошулбасы тууралуу түшүнүк кат жазып бергени айтылат.

ЖАМКнын маалыматында бардык тергөө абактарында видеокөзөмөл жүргүзүлөрүн белгиленген.

ЖАМК Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Фейсбуктагы” баракчасына койгон тасма аны кылдат текшерүүгө өбөлгө болгонун, текшерүүнүн жыйынтыктары укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жиберилерин белгилеп, ошол эле учурда адвокаттын видеонун булагын көрсөтпөгөнүн белгилеген.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, видеотасманы 16-июнда аны «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.