ИИМ обсервациядагы чыр боюнча комментарий берди

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 15:12
0 ой-пикир

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов «Семетей» обсервациясында орун алган окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, «Манас» аэропортунун жанында жайгашкан обсервация жайында Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген 432 жаран жаткырылган.

«Алардын арасында «мындан мурда ПЧР анализдеринин негизинде жугуштуу оорулар ооруканасына алынып кеткен кишилер үй карантинине чыгарылып жатыптыр» деген ушак сөздөр тараган. Алар да бизди чыгаргыла деп чыр чыгарышкан. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абалды көзөмөлдөгөнгө ал жерде болгон ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин күчү жетет. Мыйзамды, тартипти бузган жарандарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандардын көчөгө топтошуп чыгып, нааразылыгын билдирген видеотасма тараган

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.