Дагы бир жолу партиялардын имиджи тууралуу. Корутунду

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 05 Авг 2020 23:42
0 ой-пикир

Алаш” партиясы агартуучулук менен чыккан. Анын катарында көптөгөн китептерди окуу куралдарын жазган, Түркстандын калкы үчүн мектептерди курган интеллигенттүү жана билимдүү адамдар болгон”.

Алар элинин өнүгүүсү үчүн негизги тоскоолдук караңгылык, билимсиздик экенин билишкен. Ошондуктан алар агартуучулукка басым жасашкан. Бирок алардын саясий көз караштары андан да алыска багытталган эле. Алар либералдар жана демократтар эле. Алар коомду демократиялык баалуулуктарга даярдоо боюнча көптөгөн долбоорлорду сунуштаган. Ушул партиядан Кыргызстандын жана Казакстандын саясий элитасынын гүлү чыкты, натыйжада биз азыр өз өлкөбүздө, өз үйүбүздө жашап жатабыз. Бизде ушундай адамдар чогулган жок дегенде бир партия таба алабызбы? Аа, ооба, алардын акчасы жок да. Анда эмнеге аларды жаш, жаңы партиялар чакырбай жатышат? Бул алардын шайлоодон жеңип чыгып, келечекте олуттуу өзгөрүүлөрдү жасоосу үчүн эң чоң ресурс эмеспи? Себеби парламентте биринчи кезекте билимдүүлөр, акылдуулар керек эмеспи! Ушунусу менен олигархтардын партиясынан өзгөчөлөнүп турушмак да… Бул чоң мүмкүнчүлүк. Дагы убакыт бар

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.