Кайрадан эле шайлоо тууралуу. Имидж жана анын ролу тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 04 Авг 2020 20:25
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн. 

Имидж түзүү биз үчүн жаңы нерсе. Бизде 30 жылдан бери шайлоо өтүп келгени менен имиджмейкерлер менен айрымдар гана иштешет. Ошондуктан көпчүлүк партиялардын жана талапкерлердин имидждери көз кубантарлык эмес. Эл тажады! Өлкөдө муундар алмашууда, алардын образдарга болгон талабы мурункудай эмес,  такыр башка.

Совет мезгилинде имиджди өзгөртүү жат нерсе болчу. Элди жалганга ишендирүүгө көндүрүп коюшкан. Азыр жаңы имиджге болгон суроо-талаптын пайда болгону өнүгүүнүн, алдыга жылуунун керек экенин айгинелеп турат. Жеке имиджин туура жана натыйжалуу түзүүгө кызыккан субъекттердин саны көбөйдү. Имиджди түзүүдө саясий маска болушу керек. Масканын болушу – бул имидждин функционалдык маңызынын бири. Имидж – массалык аң-сезимде калыптанган образ болушу керек.

Имидж кандайдыр бир саясий максаттарга жетүүгө багытталган куралдын функциясын аткарат. Ал бийликтин, саясий партиялардын ким экенин көрсөтөт… Имиджге көңул буруу – өзгөчөлүгүнө басым жасап, өздөрүн көрсөткүсү келген өнүгүп жаткан уюмдардын белгиси.

Партиялар жана партия лидерлери саясий жактан популярдуу болуп, коомчулукта оң пикир жаратууга өзгөчө көңүл бурушат. Партиялардын программасын эч ким окубайт, бирок алар партияларга жана саясатчыларга төгөрөгү төп келишкен образды түзүүдө чоң роль ойнойт. Шайлоо бул имидждердин атаандаштыгы.

Партиялык ишмердүүлүктүн мүнөзү шайлоочуларга таанылууну камсыз кылган так, түшүнүктүү жана жеткиликтүү образдарды түзүү зарылдыгын жаратат. Буга байланыштуу партия үчүн имидж алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты жеткирүү жана партияны бийликте сактап калуу үчүн өтө зор мааниге ээ. Жаңы саясий партияларды жана кыймылдарды түзүүдө имидж өтө маанилүү.

Мисалы, “Алаш” партиясы агартуучулук менен чыккан. Анын катарында көптөгөн китептерди окуу куралдарын жазган, Түркстандын калкы үчүн мектептерди курган интеллигенттүү жана билимдүү адамдар болгон.

КПССтин имиджи душман образында түзүлгөн, СССР империалисттик шакекчеде калган. Россия Батыш менен нааразылаша баштаганда  ал партия азыр деле колдонулат.

Партиянын имиджине көптөгөн факторлор таасир берет: лидердин имиджи, анын күчү, партиянын идеологиясы, саясий белгилери, ишмердүүлүгүнүн образы, партиянын мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын имиджи, партиянын ресурстары, анын тарыхы, PR саясатынын өзгөчөлүгү, шайлоочуларынын имиджи ж.б.

Партиялар калктын социалдык кызыкчылыктарын чагылдыруу функциясын аткарып келишет. Мындан эң маанилүүлөрүн тандап, партиянын программасында жана чакырыктарында чагылдыруу кажет. Партиянын белгилери ар кандай талаптарга жооп бериши керек, партиянын позициясын бир образга бириктирүүсү зарыл. Шайлоочунун көз карашы партиянын аталышы жана анын белгилери кандай экенинен калыптанат.  

Серепчилер саясий партиянын белгилерине төмөнкү компоненттер кириши керек деген пикирде: “аракет белгиси” – негизинен бул саясий ритуалдар; “объект белгиси” – эмблемалар, желектер; “персона белгиси” – бул партиянын лидерлери, тарыхый инсандар; “үн белгиси” – бул партиялардын гимндери, чакырык музыкалары ж.б.

Демократия шарттарында партиянын имиджине көп басым жасалууда. Заманбап партиялар өзгөчөлүү, жеке иедологиялык жүз издөө менен алек. Социал-демократтар социалдык саясатты күчөтүү менен имидж түзүшүүдө. Консервативдүү партиялар туруктуу имидж түзүшөт. Либералдар – активдүү, энергиялуу иш-аракеттер менен имидж түзүшөт.

Саясий партия – бул ачык маалыматтык система. Алардын негизги факторлорунун бири – коомчулук менен маалымат алмаша билүү. Ал канчалык кызыктуу болсо, партиянын белгилүү болушу ошончо жогорулайт, анын имиджи ошончо күчтүү болот. Партия канчалык жабык болсо, анын коомчулуктагы рейтинги ошончо төмөн болот.

Буга чейин Кыргызстандагы партиялар мамлекет тарабынан көбүрөөк көзөмөлгө алынып келген. Акыркы 10 жылда оппозициялык партиялар жокко эсе болуп, партиялардын баары бийликке ыктап, өнүгү келе жаткан парламентаризм кыйрады. Азыр коомчулукта муун алмашууда, аларды азыркы тартиптер канааттандырбай келет. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу коомчулукта эффективдүү, компетенттүү бийликке болгон суроо-талап өстү. Бул тууралуу “үчүнчү сектордун” – коммерциялык эмес уюмдардын, саясаттагы ардагерлер гана эмес, академиялык топтордун шайлоого активдүү катышуусунан улам билсек болот… Демек, парламентте кызыктуу “сюрприздер” көп болот.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.