Бизге кандай депутаттар керек?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 01 Авг 2020 17:03
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн. 

Парламенттик шайлоонун алдында партиялык түзүлүшкө болгон кызыгуу күч алат. Саясатчы болууну каалагандарга шайлоо жана саясий процесстердин күнгөй-тескейин түшүндүрүү керек. Буга чейинки топтолгон тажрыйбалар кезектеги төңкөрүштөн кийин таштандыга ыргытылат дагы, кайрадан баарын нөлдөн баштоого туура келет. Бул абалдан чыгуу жолу жок калгандай түр калтырат. Убакыт өтүп жатат, ал эми айланада эч нерсе өзгөрбөй эле.

Эл күтүүдөн чарчады, бирок ошол эле маалда эмне кыларын да билбейт. “Башкаруучу элита” дагы. Бизнестен жана көчөдөн келгендер келечек үчүн долбоорлорду түзүүгө аракет кылбай эле, капчыктарын толтуруу менен алек. Бул үчүн көп акылдын деле кереги жок. КМШнын бардык өлкөлөрүндө ушундай эле абал. Көз карандысыздыкты алгандан бери биздин мамлекетте шайлоолор өткөрүлүп келет, аларга саясий партиялар дайыма катышып келет.

Ушуга байланыштуу саясий партиялардын ишин, алардын эл менен иштешүүсүн, партиядагы активисттердин даярдыгын, саясий ой жүгүртүүсүн өстүрүүнү ойлонсок жакшы болмок. Бирок бул багытка көңүл бурулбайт. Партиянын жол башчылары жана активисттери калк менен жолугушуп, долбоорлорун сунуштап, партия менен болгон байланышты бекемдөөнүн үстүнөн иштебей калышкан. Ошондуктан партиялардын абалы мышык ыйлагыдай десек болот. Шайлоого чейинки убакытта эле партиялаштарды практикалык иштерге, партиялык-шайлоо процесстеринин технологиясына: партиялардын шайлоого катышуусу, партиянын идеологиясын жайылтуу, тарапташтарды тартуу, иштеги кемичиликтерди карап чыгуу, тоскоолдуктардан өтүү, өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо ж.б. жасалчу иштерге үйрөтүү керек.

2010-жылга чейин башталган партиялык курулуш кыйрап бара жатканын, партиялаштар алгачкы кыйынчылыктардан кийин эле качып кетип, башка партияларга ыктап баштаганын көрүп партиялык курулуш кризиске туш болгонун түшүнө баштайсың. Саясатчылар жана өлкө жетекчилери буга олуттуу көңүл буруусу керек. Чыныгы партияларсыз өлкө өнүкпөйт, ал эми бизде болсо үчүнчү парламенттик шайлоо дагы чыныгы партияларсыз өткөнү турат.

Көз карандысыздыкты алган 30 жыл ичинде биз бул убакыт аралыгында өлкөнү кризистен чыгара ала турган чыныгы партияларды түзө алган жокпуз. Өлкөгө максаттарын жана милдеттерин так билген чыныгы либерал, консервативдүү, социалисттик партиялар керек. Азыр болсо көп нерсе белгисиз. Кайрадан эле шибегени капка катып жатышкандай. Бир да жолу шайлоого катышпаган партияны мактап жатышканын көрүүгө болот. Мындай болбойт. Бизде партиялардын баары (300гө жакын партия бар) бир эле жетекчиге караштуу деп айтсак жаңылышпайбыз.

Алар жалпы элге эмес, бир эле адамга, алардын жакындарына кызмат кылышат. Мындай партиялардын пайдасынан зыяны көп. Партиянын тизмелерине элге кызматы өткөн, принциптери бар, абройлуу адамдар кириши керек. Парламентаризм аларсыз мүрзөгө окшош. Юристтерге (адвокаттарга) жана экономисттерге артыкчылык берилиш керек, себеби Мыйзамдардын 90%ы укук жана экономика менен байланыштуу. Реформаторлор, максатты кое билген жана аларды аткара алган адамдар керек.

Эксперттик деңгээлде ой жүгүртө алган саясатчылар керек. Билимдүү жана ошол билимин иш жүзүндө колдоно билген ададмар зарыл. Элита алмашуусу абзел. Ал курагына, жынысына, улутуна карабай, кесипкөйлүк сапатына жана жасаган ишине карата аныкталышы керек. Партиянын тизмесин түзүүдө гендердик, жаш-курактык, улуттук азчылыкты каралып жатканда бул талаптар эске алынуусу абзел. Эл эптеп күн көрүү менен алек, натыйжада бюрократия жана олигархия жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатты жүргүзүүдө.  Ошондуктан коомчулук модернизация болбой жатат. Өнүгүү жок. Себеби, олигархтардын кызыкчылыгы демократияга шайкеш келбейт. Олигархия дайыма диктатурага, коррупцияга, мыйзам бузууга жана адам укугун чектөөгө алып келет.

Саясий партиялардын өнүкпөгөнү дагы олуттуу көйгөй. Алардын көбүндө кадрлар жок. Министр кылып дайындоого кадрлары даяр эмес. Мындай партиялардын келечеги жок. Шайлоону модернизациялоо керек.

Биометрикалык маалыматтар аркылуу добуш берүү шайлоочуларды паракорчулуктан, коркутуулардан сактаган жок, административдик ресурстарды колдонууга тоскоол боло албады…

Ошондуктан шайлоого бир дагы жолу катышпаган айрым партиялар утушка ээ болоруна ишенүүдө. Ал эми иш жүзүндө мындай болбошу керек эле. Албетте, бул көйгөйлөрдү бир күндө чечүү мүмкүн эмес. Партиялар тууралуу мыйзамга жаңы жоболорду, оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү керек. Ошондо гана партиялар элдин кызыкчылыгын ойлоп, куру иш менен алек болушпайт эле. Эгерде партиялар элге кызмат кылбаса, алардын эмне кереги бар? Алар коомчулукка кандай пайда алып келе алышат? Жана аларды шайлоого катыштыруунун зарылчылыгы барбы?

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.