Абылгазиевдин кел-кели бүттүбү?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 22 Апр 2020 08:01
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектей баштаган. Бул даталуу күнгө карата социалдык тармактарда премьер отставкага кетти деген маалымат тарап кетти. Бирок бул жаңылык чындыкка дал келбегенин Абылгазиевдин пресс-катчысы билдирип, Өкмөт башчысы күчөтүлгөн режимде жана коронавирус менен күрөшүү шартында дем алышсыз иштеп жатканын кабарлады.

Бул эки жыл аралыгында коомчулук Абылгазиевди бир нече жолу отставкага кетирди. Ачык айтканда, ал эл арасында өтө деле популярдуу премьер эмес. Бирок эки жылдык мөөнөттү эске алганда ал кызматын сактап калган «узак жашоочулардын» катарында. Бирок «узак жашоо» ишмердүүлүктүн  эффективдүү көрсөткүчү эмес.

Мухаммедкалый Абылгазиев премьер болгондон бери көп эле катачылыктарга жол берди. Акыркылардын бири өз убагында коргоочу кийимдер сатып алынбаганынан, саламаттыкты сактоо системасындагы ар түрдүү кызматтардын ишинин ырааттуу болбостугунан улам медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алганы болду.

Ошол эле учурда Абылгазиев менен байланышкан жалпы элге белгилүү болгон ийгиликтүү долбоорлордун жокко эсе. Анын премьерлик кызматта көпкө отурганы элиталык топтордун кызыкчылыгына каршы чыкпаганы жана президент менен жеке мамилеси жакшы болгонунан кабар берет.

Учурда дүйнөлүк экономика кризиске батып бара жаткан маалы. Мамлекеттик деңгээлде бул абалдан чыгууга бат аракет кылуу керек. Мүмкүн, кризис өзү кардиналдуу реформаларга түрткү болот.

Абылгазиевдин Өмөтү эмне кылат? Жооп белгилүү – эптеп жашоону улантууга аракет кылат.

Башкаруу тармагында дүйнөгө белгилүү болгон The Boston Consulting Group (BCG) эксперттери Өкмөттөр үчүн атайын суроолорду түзгөн. Ага жооп берүү менен мамлекеттик түзүмдөрдүн кризиске даярдыгын билүүгө болот. Ошондой эле кризисти чоң өзгөрүүлөргө жетелеген реформалар катары кароого болобу билүүгө мүмкүнчүлүк берет.

BCG Өкмөттөргө түзгөн суроолор:

Ар-кандай потенциалдык сценарийлерге даярсыңарбы?

– Мамлекеттик органдардын кокустан келген кризиске даярдыгына болгон реакциясын баалоо боюнча иш-чараларды өткөрдүңөр беле?

 – Ар кайсы мекемелердин бири-бири менен кызматташуусун өнүктүрүп жатасыңарбы?

– Министрликтерди жана башка мекемелердин бири-бири менен эффективдүү иштешин камсыз кылуу үчүн түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө даярсыңарбы?

Көп жылдардан соң өлкөнүн социалдык жана экономикалык ландшафтын кандай элестетесиңер?

– Реформаларды колдоо үчүн өлкөнү башкарууда жарандардын түздөн-түз катышуусу кандай?

BCG аналитиктери бул суроөолорго жооптору даяр Өкмөттөр кыйын кырдаалдан кантип чыгуунун жол-жобосун билет жана жалпы калктын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө даяр деп эсептешет.

Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевде коюлган суроолорго жооптор бар бекен?

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.