Премьер-министр арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбейт, — пресс-катчы

Окуялар тизмеги 21 Апр 2020 08:32
0 ой-пикир

Премьер-министр кызматтан кетүү үчүн отставкага арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын пресс-катчысы Адилет Султаналиев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

«Социалдык тармактарда Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүүгө арыз жазды деген маалымат таркап жатат. Бул маалымат фейк болуп саналат жана чындыкка дал келбейт. Ал кызматын күчөтүлгөн тартипте улантууда, айрыкча, коронавирус илдети менен күрөшүү шартында күн сайын, дем алышсыз милдетин аткарып жаткан учуру,» — деп жазган пресс-катчы.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев 2 жыл мурда, 20-апрелде өкмөт башчы болуп дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.