Омбудсмен: Журналисттерге аккредитация берилбегени Баш мыйзамга каршы келбейт

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 11:15
0 ой-пикир

Кыргызстандын Акыйкатчы институту өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбегени боюнча түшүндүрмө берди.

“Конституциянын “Өзгөчө абал” тууралуу мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктунда жазылгандай “аймактын коменданты өзгөчө абал киргизилген жерге журналисттердин аккредитациялоо жана алардын иштөөсү боюнча өзгөчө тартип орното алат. Бул тартип коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Башмыйзам чегинде кызмат кылат ” деп белгилеген Акыйкатчы институту.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбей турганын билдирген.

“Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация бере албайбыз”- деген Орозалиев.

“Институт медиа полиси» коомдук фонду Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин борбор шаардагы өзгөчө абал учурунда ЖМКга аккредитация берилбей тургандыгы тууралуу билдирүүсү Баш мыйзамга каршы келээрин айтып чыккан. Аталган коомдук фонддун билдирүүсүн бир катар медиа уюмдар колдогон.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.