«Медиа Полиси Институту»: Журналисттерди чектөө тууралуу коменданттын чечими Конституцияга каршы келет

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 14:58
0 ой-пикир

«Медиа Полиси Институту» уюму Бишкек комендатурасынын журналисттерди чектөө тууралуу чечими Конституцияга каршы келет деп эсептейт. Бул тууралуу уюм 30-мартта тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, комендатуранын бул чечими «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна да каршы келери белгиленди.

Конституция кепилдик берилген эркиндик комендатуранын жеке чечими менен эмес, мыйзамдын негизинде гана чектеле аларын белгилеген уюм президенттин өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыгында коменданттын укуктары так жазылганын кошумчалады.

«Ал жарлыкта эгер жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши мыйзамга каршы келбесе, аларга комендант тыюу сала алчу жобо жок», — деп белгиледи «Медиа Полиси Институту».

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын 30-мартта Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чектөөгө соңку абал боюнча жүргүзүлгөн талдоо себеп болду.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

30-мартта саат 14:10го карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 94 кишиге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.