Журналисттерге аккредитация берилбейт ,- Бишкек коменданты

Окуялар тизмеги 30 Мар 2020 09:49
0 ой-пикир

Журналисттерге өзгөчө абал учурунда шаарда жүрүү үчүн аккредитация берилбейт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация берилбейт.

“Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамында Өзгөчө абал – калктын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндигине айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттенмелерди жүктөөчү убактылуу чара экендиги так көрсөтүлгөн. Күнүмдүк иш тартиби өзгөрүлүп, бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн да кыйгап өткөн жок. Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Ошону менен бирге ЖМКнын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана аларга ыңгайлуу болуусу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, алар түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Бардык кызыктырган суроолор WhatsApр номерине жиберилүүдө. Биз журналисттер жана коомчулук тарабынын берилген эң орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз. Буга чейин мен өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз”, — деп белгиледи комендант.

“Бул биринчи кезекте сиздердин ден соолугуңардын коопсуздугу үчүн керек. Ошондуктан, сиздерден өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну көптөн көп суранып кетээр элем. Республикалык штабдын жана коменданттардын онлайн-брифингдеринен жооп алуу үчүн силерди кызыктырган суроолоруңарды пресс-борборлорго «тынымсыз байланыш телефону» аркылуу жиберсеңиздер болот. Башка өлкөлөрдүн үлгүсү көрсөткөндөй, ал жактарда дагы журналисттердин ишине болгон талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкүдөй жаңы технологиялардын доорунда дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар алыстатылган режимде иштеп жатат. Азыркы учурда интернет байланыштары жана байланыштын башка каналдары аркылуу суроолорго ар кыл өңүттөгү жоопторду алууга болот”, — деп кошумчалады ал.

“ Журналисттерге Республикалык штаб, комендатуралар жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген так, даана маалыматтарды гана тараткыла деп кайрылат элем. Ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн башкы шарттарынын бири мыйзам тарабынан аныкталган бекем тартипти жана эрежелерди сактоо болуп саналат. Сиздерди туура түшүнөт деп ишенем жана маалыматтык колдооңуздарга ыраазычылык билдирем”, — деп сөзүн жыйынтыктады Орозалиев.

Бишкек шаарынын комендатурасынын Сall – борбору. Суроолор менен төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 66-06-16, 66-07-10,66-21-34, 66-02-48, 62 22 63 номери боюнча, Суроолорду электрондук почтага жиберсеңиздер болот: Komendant312@gmail.com Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.