УКМК: Бийликти күч менен басып алууга үндөгөн жаран кармалды

Окуялар тизмеги 01 Мар 2020 09:28
0 ой-пикир

2-мартта Бишкекте өтчү тынчтык митингинде чагымчылдык кылууга аракет жасаган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ар кыл социалдык тармактарда 2020-жылдын 2-мартында өтө турган тынчтык митингинин убагында бийликти күч менен басып алуу тууралуу аудио билдирүү таркатылган.

“Ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери телефон аркылуу бийликти күч менен басып алууга чакырган О.Б. аттуу жаранды кармашкан”,- деп айтылат маалыматта.

УКМК эскерткендей, коомчулукта башаламандыкты жаратуу максатында провокациялык материалдарды тараткандарга карата мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Мурдараак ММКларда маалымдалгандай, 2-мартта Бишкекте соттолгон ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдогон тынчтык митингин өткөрүү пландалган.

Эскерте кетсек, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга соттолгон. Ага карата кылмыш иши төрт берене боюнча ачылган.

Сот аны «Өлүм менен коркутуу», «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча актап, «Кишини барымтага алуу» беренеси боюнча айыптуу деп тапкан.

Ал 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митингдеги окуя боюнча айыпталган. Анда митингдин катышуучулары Ысык-Көл облусунун башчысын барымтага алышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.