«Жапаровду колдоо Элдик кыймылы» кайрылуу жасады

Окуялар тизмеги 29 Фев 2020 20:21
0 ой-пикир

«Жапаровду колдоо Элдик кыймылы» 2-мартта, дүйшөмбү күнү, саат 13.00 дө Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун мыйзамдык укугун коргоого арналган Элдик Тынчтык митингин өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул жалпы республикалык тынчтык митинги болот. Мындай чечим Түп районундагы жыйында кабыл алынган.

«Бардыгын мыйзам жолу, тынчтык жолу менен уюштуруу, жүргүзүү каралган. Эч ким тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салган эмес. Биз тынчтык митингин өткөрүүдөн баш тартпайбыз», — дейт Осмоналиев.

Эске сала кетсек, экс-депутаттын адвокаты Замирбек Базарбеков ЖМКларга Садыр Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарын жарыялаган.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты төгүнгө чыгарып, Садыр Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында бүтөрүн билдирген. 

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Ошондой эле Садыр Жапаров президентке 2019-жылдын октябрь айында ырайым сурап кайрылган. Президент Сооронбай Жээнбеков ага ырайым берүү же бербөө маселесин жалгыз чечперин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.