Тарых сабактары. Эч нерсени түшүнгөн жана эч нерсе үйрөнгөн жокпуз

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 23 Ноя 2020 14:00
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Конституциялык талкуунун айланасында эмне болуп жатат? Бир топ сабатсыздар башка бир топ сабатсыздарга акыл айтып жатышат. Анысы аз келгенсип тигилер дагы, булар дагы большевиктик жол менен бири-бирин аёосуз өлтүрүүгө даяр. А бирок, алар талаштын өзөгү эмне экендигин элге так түшүндүрө алышкан жок. Маңызы өтө жөнөкөй.

Азыр иш жүзүндө баардыгы президент тарабынан башкарылып жаткандыгына карабастан, эч ким эч нерсе үчүн жооп бербеген Кыргызстанда башкаруунун жарым-жартылай президенттик моделинен, президент баарына жооп бере турган президенттик системага өтүү маселеси чечилип жатат.

Саясат таануучулар бул жоопкерчиликсиз башкаруу системаны супер-президенттик башкаруу формасы деп аташат. Кыргызстанда парламентаризм болгон эмес жана жок. Эл ойлонбойт жана ойлоно да албайт дегендер да жок эмес, алар кээ бир «сабаттуу» адамдар тарабынан ыргытылган ураандарды гана колдоп турушат деп санашат. Кыскасы, эч нерсени түшүнгөн жана эч нерсе үйрөнгөн жокпуз.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.