Валентина Шевченко дагы жеңишке жетти! UFCнин эң мыкты айым мушкери болуу үчүн эмне кылуу керек?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 23 Ноя 2020 18:12
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору.

Мекендешибиз, аралаш мушташ боюнча мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Женифер Майаны жеңип, UFC чемпиону наамын 4-жолу коргоду. UFCде “Ок” деп аталган Шевченко 5 раундду басып өтүп, үч калыстын тең добушун алды. Турнирдин алдын-ала кардында Валентинанын эжеси Антонина Шевченко дагы чех спортчусу Люся Пудилованы жеңип алды.

Баардыгы оңой жеңишти күтүп жатышты

Беттештин алдында көптөгөн спорттук аналитиктер, журналисттер жана букмекердик кеңселер “Октун” жеңил жеңишке жетерин айтышкан. Шевченко буга чейинки жеңиштердин бардыгын таң калыштуу жеңилдик менен утуп, атаандаштарын нокаутка кетирип келген.

Бразилиялык Дженнифер Майя кармаштын алдында 22-ноябрда октагондо (UFCдеги мушташкан жай) жаңы чемпион болоруна ишендирген болчу.

Тер жана кан менен

Көпчүлүктү таң калтырганы, бразилиялык мушкер мекендешибизге чындап атаандаштык жарата алды.

Биринчи раундда Шевченко тейкдаун (жерге жыгылтты) менен атаандашын жерде ишенимдүү башкарып турду.

Экинчи айлампада бразилиялык мушкер күтүүсүз жерден «Окту» жерге жыгып, алтургай бир нече жолу соккуларды жасаганга үлгүрдү. Экинчи раунд Майяга өттү, бул өзүнчө чоң мааниге ээ, себеби Шевченко мушташтарда гана эмес, раунддарда дагы эч качан жеңилген эмес.

Дженифер Майя үстөмдүк кылып жатат. Валентина Шевченкону далысы менен жерде жатканын айрым учурларда гана көрүүгө болот

Башка раунддарда Шевченко тай-боксунун негизги мушкери болгонуна карабастан, клинчте Майя үстөмдүк кылып турду.

Валентина Шевченко бутунан жаракат алып, узак убакытка созулган тыныгуудан кийин мушташка чыкты (акыркы мушташы 2020-жылы 8-февралда болгон). Жаратын айыктырган кыргыз спортчусу, формасына келүүгө үлгүрбөй калды көрүнөт.

Партерде сайд-көзөмөлгө (капталдан көзөмөл) ээ болгонуна карабастан Валентинанын “распятие” ыкмасын колдонбогону таң калычтуу болду. Себеби Кейтлин Чукагян менен болгон мушташта ал дал ушул ыкманы колдонуп, жеңип алган болчу. Анын ордуна эмнегедир халф-гардга киришти. Ал үстүндө турганы менен бир жолу да чыканак менен сокку урган жок, буга чейин ал дайыма ушундай сокку урчу.

Шевченко “распятие” техникасын Катрин Чукагянга колдонууда (8-февраль, 2020-жыл)

Шевченко чагылгандай тездигин көрсөттү, өзгөчө оң жактан урулган соккулар Майянын айласын кетирди. Бут менен урулган сокку, бэкфист жана супермен-панч өтө ээфективдүү болду.

Шевченкодон талкалаган «двойка»

Бирок, Шевченко убактысын эске албай, бош соккуларды жасаганы дагы одоно көрүнүп турду. Эмнегедир, буту менен каршылашынын демин дароо кыстырып, аны жайлата турган мидлкиктерди (корпуска сокку уруу) жасаган жок. Буту менен эки жолу урулган хайкиктер (башка жасалган сокку) дагы даярдыксыз экени көрүнүп турду.

Шевченко хай-кик менен Джейсика Айды нокаутка кетирди (8-июнь, 2019-жыл)

Натыйжада калыстардын чечими менен Шевченко жеңишке жетти, 3 калыс тең жеңишти ага ыйгарышты (үч жолу 49-46 ). Дженифер Майя “Октон” 5 раунддун бирөөнү “илип” кетүүгө үлгүрдү.

Алдыда “Жолборс” менен кайрадан беттеш болобу?

Бул жеңиш Шевченкодо ага теңтайлаша турчу атаандаштар калбаганын көрсөттү. Шевченко болсо бразилиялык мушкер Аманда Нуньес менен беттешүүнү каалаганын билдирүүдө. Ал “Окту” эки жолу утуп алган болчу. Экинчи беттеште жеңиш абдан жакын болчу, көптөгөн эксперттердин пикиринде, калыстар жеңишти “Жолборско” (Аманда Нуньеске) татыксыз берип коюшкан.

Көпчүлүк эксперттер судьялар жеңишти Валентина Шевченкодон уурдап кетишти деп эсептешет

Бирок мекендешибиз Нуньес менен болгон күрөшкө өтө чоң жоопкерчилик менен даярдануусу керек (бразилиялык мушкер джиу-джитсу боюнча кара курга ээ жана антропометрияда артыкчылыкка ээ), убакыттан уттурбоонун үстүнөн иштеп, клинчтеги кармашуунун үстүнөн иштеп, идеалдуу план иштеп чыгуусу керек.

Баса, Аманда Нуньес канадалык спортчу Фелиция Спенсер менен болгон акыркы беттешинде өтө ынанымсыз көрүнгөн. Ашыкча салмак кошуп алган, натыйжада кыймылы бир топ жайлап калган, негизинен тейкдаунда көпкө чейин партерде жатып, убакытты созуп жатты. Калыстар анын учурдагы чемпион экендигин эске алышып, жеңишти беришти.

Ошондуктан “Окто” беттешке чыгып, UFCде эки салмактык категорияда мыкты айым мушкер болууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.