Кой-Таш окуясы: Атамбаев сотко катышат

Окуялар тизмеги 28 Фев 2020 10:10
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчысы Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартка дайындалган соттук териштирүүгө катышат.

«Алмазбек Атамбаев сотко катышып, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болууну чечти» -деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Уважаемые коллеги, друзья! Предварительные слушания по кой-ташским событиям назначены на 2 марта,…

Опубликовано Kunduz Zholdubaeva Четверг, 27 февраля 2020 г.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.

Атамбаев айыптоолорду моюнга албай, кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысына кол коюудан баш тарткандыгын адвокаты билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.