Атамбаев абакта китеп жазып жатат, — адвокат

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 14:32
0 ой-пикир

УКМКнын абагында кармалып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев китеп жазып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын айтымында, китеп автордун бала-чагы, мектептеги жылдары тууралуу болот. Учурда китептин жарымынан көбү жазылган. 

“Китеп жазуу үчүн ага атайын дептерлер берилген. Анын саламаттыгы оорлошконуна карабай, китепти өз колу менен жазууда” – дейт Жоошев.

Ошондой эле Атамбаев айыптоолорду моюнга албай, кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысына кол коюудан баш тарткандыгын адвокат кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.