УКМК: Сапар Исаковдун абалы туруктуу

Окуялар тизмеги 27 Фев 2020 08:56
0 ой-пикир

Азыркы учурда Сапар Исаковдун саламаттыгы канааттандырарлык. 26-февраль күнү эртең менен анын абалы начарлаган. Азыр абалы туруктуу. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүп жатат.

Отурумда мурдагы премьер-министрдин жактоочулары Исаков өзүн жаман сезип жаткандыгын билдиришип, соттук отурумду жылдырууну суранышкан. Судья жыйында тыныгуу жарыялап, отурумду саат 2ге жылдырган.

Бирок, түштөн кийин Исаковдун саламаттыгы начарлап, ал сот залына келген эмес.

Кабминдин экс-башчысынын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында Сапар Исаков ууланган.

«Ал тамак-аштан ууланып калыптыр, так эмнеден экенин өзү билбейт. Азыр Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарыгерлер отурумга барбай эле койгону оң экенин айтышкан, — деген жактоочу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.