Сапар Исаковдун ууланганы айтылууда

Окуялар тизмеги 26 Фев 2020 17:24
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда. Шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын кароодо.

Отурумда иштин материалдарын изилдөө уланууда. Бүгүн эртең менен жыйында мурдагы премьер-министрдин жактоочулары Исаков өзүн жаман сезип жаткандыгын билдиришип, соттук отурумду жылдырууну суранышкан. Судья жыйында тыныгуу жарыялап, отурумду саат 2ге жылдырган.

Бирок, түштөн кийин Исаковдун саламаттыгы начарлап, ал сот залына келген эмес.

Кабминдин экс-башчысынын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында Сапар Исаковдун саламаттыгы учурда жакшы эмес.

— Ал тамак-аштан ууланып калыптыр, так эмнеден экенин өзү билбейт, — деп түшүндүрдү юрист. — Азыр Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дарыгерлер бүгүн отурумга барбай эле койгону оң экенин айтышкан.

Бишкек ЖЭБнин иши боюнча соттук отурум 2-мартка жылдырылганын адвокат кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.