COVID-19 менен ооругандар көбөйүп жатат

Окуялар тизмеги 23 Мар 2021 14:22
0 ой-пикир

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар көбөйүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, өлкө боюнча 75 жаңы учурдун 56сы борбор калаага туура келет.

«Ошондуктан жарандарды 1,5 метр социалдык аралыкты сактоону, эл көп топтолгон жерлерге барбоону, беткап тагынуу жана өздөрүн жана жакындарын коркунучка учуратпоо үчүн ведомствонун сунуштарын аткарууну суранабыз», — дейт Акматова.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.