Бишкектеги шайлоо жана жогорку деңгээлдеги саясий мимикрия тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 18 Мар 2021 17:35
0 ой-пикир

Сере Чалканова атайын Elgezit.kg үчүн

Бишкек шаардык кеңешке келүүнү каалагандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. 45 мандатка 25 партиядан 1820 талапкер ат салышууда. Бир орунга 40 адам. Театралдык окуу жайларга экзаменге келгендей эле болууда. Бирок чыныгы талапкерлер аз. Алар тизме такталып, партиялардын съезддери, конференциялары өткүчө эле аныкталып калган болчу. Калгандары эмнеге бара жатышканын өздөрү деле түшүнбөйт. Акыркы шайлоолордо жөн гана талапкер болгондор көбөйө баштады.

“Чыныгы эсептешкендер”

Батыш Европадагы партиялардын биринин урааны ждал ушундай которулат. Анын мааниси, шайлоочуларды чындап шайлоодон өтө турган партияга добуш берүүгө чакыруу. Себеби шайлоодон жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү аз партиялар жөн гана добуштарды бөлүп алышат дагы, шайлоочунун добушу ортодо эле жоголот.

Эксперттик коомчулуктун пикиринде чындап эле Бишкек шаардык кеңешине келүүгө мүмкүнчүлүгү барлар аз. Ресурстук потенциалын эске ала турган болсок, болгону 7-8 партия.

“Эмгек”, “Ак бата” сыяктуу партиялар үчүн шаардык кеңештеги мандаттар башкы максат. Ал эми “Реформа” үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк. «Ата-Журт Кыргызстан», НДПК, «Ынтымак», «Ыйман-Нуру» партиялары үчүн шаардык кеңешке болгон шайлоо күзүндө Жогорку Кеңешке боло турчу шайлоого даярдык.

Конформисттер парады

Кыргызстандагы партиялар үчүн идеология акыркы орунда турат. Шайлоо учурунда партиялар бийликчил жана оппозициячыл партия деп бөлүнүшөт. Бишкек шаардык кеңешинде кайрадан оппозиция жок болот өңдөнөт. Борбордо шайлоого аттанган партиялардын көбү конформисттик экени көрүнүп турат.

Салымбеков жана Түлеев бийлик менен тиреше бербейт. Ошондуктан “Эмгек” жана “Ак бата” партиялары бейтарап позицияны карманышат. Бабановдун “Республикасы” деле эч кандай оппозиция болбойт. Ээси ишкер болгон саясий уюмдардын жаратылышы ушундай.

Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы съезд учурунда бийликти колдоо зарылдыгын, себеби кыйратуу үчүн эмес, куруу үчүн шайлоого бара жатканын билдиришти.

“Ыйман Нуру” октябрь окуяларынан кийин бийликте болууга жетишти, анын лидери Нуржигит Кадырбеков жаңы Өкмөт түзүлгүчө Маданият министри болуп турду.

“Ата-Журт Кыргызстан” бийликтин партиясы жана муну тануу кыйын. Анын үстүнө Камчыбек Ташиевдин уулу Жалал-Абад шаардык кеңешине дал ушул партиядан аттанганы белгилүү болду.

Жалпысынан Эски аянт тынч уктай берсе болот. Кандай гана болбосун, шайлоонун жыйынтыгы боюнча, ал борбордо ишенимдүү жана көзөмөлгө алынган депутаттык корпусту алат.

«Реформанын» өзүн-өзү жок кылуусу

«Реформа» партиясына Аймен Касенов жана Эльдар Абакиров киргенден кийин партия өзгөчөлүгүн жоготту. Буга чейин ал таза, демократия жана эркиндик баалуулугун карманган партия катары саналып келсе, партия лидери болгон Аймен Касенов менен “Реформанын” штаб башчысы жана талапкер Таалайбек Сагынов партияда эч кандай баалуулук багыты жок экенин далилдеп турушат. Касенов 4 жылга жакын убакыт Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсүндө болгон, ал эми Таалайбек Сагынов болсо Россиянын Евразиялык изилдөөлөр институтунун филилалынын директору. Мындай кызматка көчөдө эле жүргөн кишилер келе калбайт. Жок дегенде Кремлдин саясатынын ишенимдүү тарапташы болуу кажет. Учурда Сагынов “Кыргызстан” партиясынан шаардык кеңештин депутаты, буга чейин Россиянын партиясы саналып келген “Замандаш” партиясынан келген болчу. Мындай тарых көп нерседен кабар берет. Биринчи кезекте, “Реформа” партиясы демократиялык долбоор эмес экенинен жана шайлоо үчүн ким менен болбосун биригүүгө даяр экенинен кабар берет.

Негизи эле убагында президенттикке талапкерлигин койгон Касенов, Абакиров жана Төлбаев (Сооронкулова саналбайт, себеби ал президенттик шайлоого башка максат менен барган) жергиликтүү шайлоого катышууга бел байлашканы саясаттан түшүнүктөрү жок экенинин мисалы. Аларга кандай деңгээлдеги кызмат экени маанилүү эмес, эптеп эле кызмат болсо болду экен да деген ой калтырат.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.