Бишкек шаардык кеңешине шайлоо. Партиялардын алгачкы таасирлери

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 17 Мар 2021 14:01
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн

Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун активдүү бөлүгү башталды. Партиялар, талапкерлер эми мыйзамдуу түрдө үгүт иштерин баштап, шайлоочунун добушун алууга аракет кыла беришсе болот.

Албетте, азырынча баары өзүнүн күзүрлөрүн көрсөтүп жатышат, белгилүү болгондой, биринчи жолку таасир баарынан күчтүү эмеспи.

Үгүт кампаниясын алгачкылардан болуп Салымбековдордун “Эмгек” партиясы ачып берди. Эмгекчилер 11-марттан 12-мартка караган түнү штабда чогулушуп, чоң экранда Жаңы жылдагы түндөй эле мүнөт санашты.

Сааттын жебеси 12ни какканда алар шампан ичип, салют аттырышкан жок, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров “Эмгек” партиясынан талапкерлердин тизмесин окуп берди. Андан соң талапкерлер кезеги менен партиянын программасын презентация кылышты.

“Эмгектин” дагы бир өзгөчөлүгү талапкерлердин баары саясий уюмдун белгилери басылган футболка жана чыптама кийип алганы болду. Бирок бул кийимдерин кийбей деле коюшса болмок экен, себеби алар тандап алган түс “Биримдик” партиясын эске салды. Жалпылап айтканда, партиянын алгачкы кадамы кызыктай эле таасир калтырды. Түн ортосунда футболка жана чыптама кийип алып Бишкекти ыштан жана таштандыдан кантип арылтуу керектигин талкуулоо бул өзгөчө деңгээлдеги креатив деңизчи, балким, партия шайлоочусуна “Дордой” империясынын ээлери борбор үчүн күндүз гана эмес, түнкүсүн дагы иштеп берүүгө даяр экенин көрсөткүсү келгендир.

«Ак-Бата» партиясы болсо үгүт кампаниясынын биринчи күнүнөн тарта социалдык тармактарда, салттуу медиада, билборддордо экс-мэр Нариман Түлеевди көрсөтө баштады. Партиянын алгачкы жарнамаларына караганда, кампания борбордун мэрин шайлоого бара жаткандай багытта алып кетет окшойт. Ошондуктан бардыгы Совет доорунда балдар үчүн арналган “Кортик” деген тасмадагыдай кетип жаткандай, анда башкы каармандардын бири театралдык көрсөтүүдөн кийин ага катышкандарды бирден санап чыгат эмеспи: режиссер — Александр Агуреев, сценарийдин автору – Александр Агуреев, башкы ролдо – Александр Агуреев.

Бийликтин «Ата-Журт Кыргызстан», партиясы дагы ушундай жол менен кетет өңдүү, анын жүзү президенттикке талапкерлигин койгон Бабур Төлбаев болду. Үгүт кампаниясын партия Төлбаевдин 2 мүнөттүк сөзү менен баштады, анда ал шаардык кеңешке эмнеге бийликтин партиясы менен аттанганын айтып берген. “Мен” деп көп кайталаганы бардык ишти Төлбаев жалгыз эле мойнуна алып алганы же анын мойнуна илип коюшканбы деген ой жаратты. Акырында “эмнени айткысы келди?” деген суроого жооп таппай кала бердик.

«Ынтымак» партиясы — шайлоо процессине жаңы катышууда, бирок республикалык деңгээлдеги партия болобуз деген максаттары бар. Партия Бишкек шаардык кеңешине гана эмес, дагы 13 шаардык кеңештин шайлоосуна аттанды.

“Ынтымак” шайлоо кампаниясын Кыргызстандагы алгачкы санарип партиябыз деген ураан менен баштады. Бирок партия кандай жол менен партиялык институттарын санариптештиргени кадр сыртында калды. Партиянын платформасы түзүлгөнбү, балким шайлоо үчүн тиркеме ойлоп чыгышкандыр ж.б. айтылган жок. Балким, партия Zoom аркылуу талапкерлер менен конференция өткөрүп, андан соң өздөрүн санарип деп атап алыштыбы ким билет…

“Биздин эл” партиясы дагы жаңылардын катарында. Партиянын талапкерлеринин арасында ыктыярчылар жана ырчы Анжелика бар. Партиянын алгачкы билборддору Бишкектиктердин оозун ачырды. Белгилүү мультфильмди эске салган панданын сүрөтү көгүш-ак түстө тартылып: “Мен кесме жасагандан тажадым, мен кунг-фуну жакшы көрөм” деген жазуу менен коштолгон. Дагы бир талапкердин сүрөтү “нИштатники нам нужны ваши голоса” деген сүйлөм менен толукталган.

Мындай идея менен партия өзүнө көңүл бура алды. Бир аз мурда эле эч ким билбеген партия үчүн бул ийгиликтүү башталыш. Бирок көңүл борборунда гана болбостон, шайлоочунун добуштарына дагы ээ болуу керек экенин эстен чыгарбай, провакациялык креативден абайлоо керек. Болбосо “Бир Болдун” “кики-кака-куку” деген тагдырын кайталап калышы мүмкүн.

“Тандоо эркиндиги” партиясы дагы кампаниясын өзгөчө баштады. Партиянын билборддорунда орус улутундагы үч жигиттин сүрөтү тартылып, Мен сени…кыргыз жана Я тебя… русский деген жазуулар жайгаштырылган (көп чекиттин ордуна жүрөкчө тартылып “сүйөм” деген белгини берип турат).

Мындай шектүү чыгармачылык империялык же колониялык нерсени пайда кылбайбы?

Саясий айдыңдагы жаңы оюнчулардын катарына “Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясын” кошсок болот. Партиянын билборддору салттуу түдө экен, анда талапкерлердин сүрөтү тартылып, “Биз сиздин жеңиш үчүн шайлоого бара жатабыз” деген урааны жазылган. Партиянын талапкерлери 12-мартта желекче жана шарларды алып Ала-Тоо аянтына чыгышты.

Ошондой эле партия роликтерди тарткан, анда ар бир талапкер эмне үчүн шайлоого аттанганы тууралуу айтып берген. Бул партиянын жалпы партиялардан айырмачылыгы алардын чын ыкластан аракет кылганы. Бул балдар сенин корооңдон, сенин подъездиңден чыккан, өз кишиңдей сезилип, аларга ишеним арта түшөт экен. Алар саясий технологдор жазып берген сөздү жаттап сүйлөбөстөн, жөнөкөй эле, өз сөзү менен ойлорун элге жеткирүүгө аракет кылышканы көрүнүп турат.

Албетте, балким бул жөн гана пиар-аракет болушу мүмкүн, бирок партия максатына жетти, алар өздөрү каалаган эмоционалдык натыйжаны алышты. Себеби кыргызда өз кишибиз деп дайыма колдоо көрсөтүшөт эмеспи.

«Реформа» партиясы үгүт кампаниясын ишембиликтен баштады. Бул иши менен партия сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз дегиси келгендир. Мындан сырткары, тазалоо иштери жаңылануу менен байланыштуу эмеспи. Ошондуктан партиянын үгүт кампаниясынын башталышы атына заты жарашкан иш болду десек туура болчудай.

Каражаттын тартыштыгынан улам “реформачылар” мурдагы шайлоодо дагы билборддорго, ММКларга чыккан эмес, жарнама үчүн жөн гана социалдык тармактарды колдонушкан. Бул шайлоодо дагы алар дал ушундай жол менен барат өңдүү. “Реформа” партиясынын кампаниясынын башталышына интеллигенттүү деген баа берсек болчудай.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы үгүт ишин программасы презентациялоодон баштады. Партия “Шаарды жана шаардыктарды сүйүүгө” убада берип, Бишкек шаарында “миңдеген мүмкүнчүлүктөр” бар экенин билдирди. Партия программасын “борбордогу радикалдуу реформаларга” багытталган деди.

“Республика” шаардык кеңешке биринчи жолу катышып жаткан болсо, мында программа туура болмок. Бирок бул партия шаардык кеңеште 10 жылдан бери отурат. Мындан улам 10 жылдан бери шаарды жана шаардыктарды сүйүүгө, система менен күрөшүп, аны жакшыртууга аларга ким тоскоол болгон деген суроо туулат. “Республиканын” бул суроого так жообу жок жана болушу да мүмкүн эмес, ошондуктан партиянын үгүт кампаниясынын башталышы шаардыктардын кыжырын гана келтирди. Себеби кайрадан эле шаардыктарды пайдаланып, бийликке умтулуп жатышат.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.