Аттуу-баштуу адамдардын уул-кыздары шайлоого аттанды. 24 адамдын ысымдары

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 18 Мар 2021 11:35
0 ой-пикир

Жалпыга маалым болгондой, шайлоого аттанууда капитал, бизнесмен жана атактуу болуш керек. Андай болбой калсан, анда 100 пайыз добуш ала албай, уятта калышын абзел. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн бапестеп баккан уул-кыздарынын ысымдары бар.

Мурдагы президенттин уулу, ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы жана башка парламентарийлердин жубайы, бир тууганы мандат алууга камынып турат.

Жогорку Кенештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев
Камчыбек Жолдошбаевдин кызы

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн, аткаминерлердин жана башка атактуу адамдардын жакындары да ат салышууда. Алардын саны 24кө жетет.

Кимдин баласы кайсы партияда?

«Ынтымак» партиясы

  • Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, 38 жашта. «Беш-Сары-К» компаниясынын башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы.
  • Шарапова Жибек Закировна, 31 жашта. «Сезимтал» инклюзивдүү билим берүү мектеби» мекемесинин башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шараповдун кызы.
  • Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич, 34 жашта. Kainar Navi, Dental systems жана «ГОЛД СТАР АА» ишканаларынын жетекчиси. Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгуналы Абдраимовдун уулу.
  • Узакбаев Чыңгыз Камчибекович, 33 жашта. Кыргыз улуттук университетинде декан. «Шумкар Уя» ЖЧКнын, «УМА групп» курулуш компаниясынын жана Эл аралык медициналык колледжинин жетекчиси. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин уулу.

«Эмгек» партиясы

  • Пирматова Асель Айтбаевна, 51 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун бир тууганы.
  • Салымбеков Жумабек Мамытбаевич, 45 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. ЖКнын экс-депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу.
  • Шин Сергей Романович, 46 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. ЖКнын экс-депутаты Роман Шиндин уулу.
  • Усубалиев Эрмек Сыргакович, 47 жашта. Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин небереси.
Маркум Мукар Чолпонбаевдин кызы Чолпонбаева Нуриля Мукаровна

«Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы»

  • Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна, 41 жашта. «Бай Элим Компани» ЖЧКнын башкы директору. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жубайы.
  • Чолпонбаева Нуриля Мукаровна, 40 жашта. С&Т Consulting компаниясынын башкы директору. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы маркум Мукар Чолпонбаевдин кызы.
  • Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, 41 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Экс-башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы

  • Осмоналиев Тимур Каныбекович, 28 жашта. DIGITAL долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө котормочу. Премьер-министр Улукбек Мариповдун кеңешчиси Каныбек Осмоналиевдин уулу.
  • Шайлобек Тегин Адилет 30 жашта, BIO Medical System мекемесинде эл аралык мамилелер боюнча адис. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин уулу.
Кадыр Атамбаев

«Социал-демократтар партиясы»

  • Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, 28 жашта, эч жерде иштебейт. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу.

«Улуу-Журт» партиясы

  • Асанова Элнура Курсановна, 28 жашта, жеке ишкер. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызы.

«Тандоо эркиндиги» партиясы

  • Акматалиев Марат Темирбекович, 49 жашта. Эч жерде иштебейт.  Ош жана Талас облусунун мурдагы губернатору, ошондой эле финансы, ички иштер министри болуп иштеген Темирбек Акматалиевдин уулу.
  • Назаралиева Алима Жеңишбековна, 22 жашта, жумушсуз. Белгилүү нарколог, КР президенттигине талапкер Жеңишбек Назаралиевдин кызы.

«Реформа» партиясы

  • Акенеев Азамат Жумакадырович, 43 жашта, жеке ишкер. Мурдагы айыл чарба министри, экономика боюнча эксперт Жумакадыр Акенеевдин уулу.
  • Султанов Бакай Алимбаевич, 35 жашта, жумушсуз. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Алымбай Султановдун уулу. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы экени маалым.
Өмүракунов Аскар Мухтарбекович

«Замандаш» партиясы

  • Өмүракунов Аскар Мухтарбекович, 25 жашта. Партиянын лидери. «Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун уулу.

«Кыргызстан коммунисттер партиясы»

  • Масалиева Каныкей Исхаковна, 40 жашта. «Нуртелеком» компаниясында мамлекеттик органдар менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиевдин кызы

«Власть народу» партиясы

  • Абдылдаев Ислам Нурдинович, 26 жашта. «Медер трейд» компаниясында юрист. Өзгөчө кырдалдар министринин мурдагы орун басары, Бишкек шаарынын мэрине талапкер (2017-жыл) Нурдин Абдылдаевдин уулу.

«Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясы

  • Воинов Тимур Александрович, 36 жашта. Эч жерде иштебейт. Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воиновдун уулу.
  • Жекшеев Азият Жыпарович, 34 жашта, жумушсуз. Легендарлуу парламенттин депутаты, КТРКнын Байкоочу кеңешинин экс-төрагасы Жыпар Жекшеевдин уулу.
Жекшеев Азият Жыпарович

Айрым фактылар sputnik басылмасынан алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру 0702825261.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.