Чечилбеген маселе болбойт: Боордош эл менен жаны алака

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 14 Мар 2021 05:13
0 ой-пикир

Мамлекеттик сапар Ташкент шаарында «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл коюу менен башталды.

Андан соң «Куксарой» резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп, кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук жана конструктивдүү маанайда өткөн сүйлөшүүлөрдүн үзүрлүү болгондугу белгиленди.

Ошондой эле кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун документке, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргилишкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан сырткары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу долбоору;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы контрабанда жана бажы мыйзамдарынын бузулуусу менен күрөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу программасы;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өз ара соода кылууда товарлардын кыймылы тууралуу маалымат алмашуу жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Өзбекстан Республикасынын Өнөр жай коопсуздугу мамлекеттик комитетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы атаандаштык саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Дене тарбия жана спорт министрлигинин ортосунда меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин, Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министринин жана Өзбекстан Республикасынын Энергетика министринин электр энергиясын бири-бирине берүү боюнча протокол;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы аскер жана аскердик-техника жаатында кызматташууну өнүктүрүү ниети жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин 2021-жылга карата кызматташуу планы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну аткаруу алкагында ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы;

— Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык чаралар планы («Жол картасы»);

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Маданият иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы;

— Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча практикалык иш-чаралар планы («Жол картасы»);

— 2017-жылдын 13-декабрында Ташкент шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун» алкагында эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруу боюнча 2021-2022-жылдарга карата иш-чараларды өткөрүү календары;

— Кыргыз Республикасынын Нарын облусу менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы;

— Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы;

— Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасы.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнү Өзбекстан парламентинин кош палатасынын башчылары — Олий Мажлистин Сенат төрайымы Танзила Нарбаева жана Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуулардан башталды.

Ошону менен катар мамлекет башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Анда Абдулла Арипов жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев «Куксарой»резиденциясындагы Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузушуп, Ташкенттеги «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты.

Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка даярбыз, — деп баса белгиледи Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө.

Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 12-мартта, Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

Технопарктын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты инновациялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бул багытта натыйжалуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иш алпарууга көмөктөшүү болуп саналат.

Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев технопарктагы ишканалардын жетекчилери менен баарлашты. Алар мамлекет башчыларына гидроэнергетика, гоелогиялык чалгындоо, машина куруу жана башкалар жаатындагы инновациялык иштелмелер жана айыл чарба, текстиль өнүмдөрү тууралуу айтып беришти.

Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди.

Президент Садыр Жапаров «Яшнабад» технопаркынын ишинин маанисине токтолуп, анын мындан ары кеңейип, өнүгө беришин каалады.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаров Ташкент шаарында мамлекеттик иш сапары менен жүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка, ошондой эле бул максаттар үчүн бардык ресурстарды колдонууга даяр экенин айтты.

Ташкент шаарындагы «Texnopark» борборунда Өзбекстан – Кыргызстан бизнес форуму жана эки өлкөнүн ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, КРнын соода-өнөр жай палатасынын башчысы Марат Шаршекеев жана Өзбекстандын соода-экономикалык палатасынын башчысы Адхам Икрамов, андан тышкары эки өлкөнүн бизнес коомчулугунан 250 дөн ашык өкүл катышууда.

Башкы максат – Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык жаатта кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы ачык сүйлөшүүлөр аянтын түзүү.

Кыргызстан менен Өзбекстан баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн биргелешкен инвестициялык фонд түзүшөт, аны келечекте 200 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри, экономика жана финансы министри Улукбек Карымшаков жана Өзбекстандын вице-премьери, инвестиция жана тышкы соода министри Сардорбек Умурзаков билдирди.

Билдирүү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда жасалды.

Түзүлүп жаткан фонд “эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн катализатору” болору жана бул бир катар жаңы биргелешкен долбоорлорду, биринчи кезекте өнөр жай кооперациясы жаатын колдоого мүмкүндүк берери айтылды.

Өзбекстандын өкмөтү белек кылган 20 тез жардам унаасы Ош шаарына алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев тосуп алып, өзбек тарабына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тез жардам унаалары жакында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругуна ылайык, саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлөт.

Аталган жардамды көрсөтүү маселеси президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген.

Кыргыз бийлиги өлкөнүн аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам ачууга даяр экенин билдирди. Президенттин аппараты өзбек тарап Кыргызстанга талаштуу Үңкүр-Тоо аймагын бере турганын жарыялады.

Бул маалыматты коомчулук бир кылка кабыл алган жок. Аксы районунун жергиликтүү тургундары Үңкүр-Тоо Кыргызстандыкы экенин айтып, президенттик аппараттын билдирүүсүн сындашты.

Ошол эле кезде Сох анклавына жол ачылса, Баткен облусу өзү анклавда калат деген кооптонуулар айтылууда.

Президенттин аппараты кайра тактоо киргизип, кыргыз тарап Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экенин кабарлады.

Басма сөз катчынын билдирүүсү

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Анын комментарийи 13-мартта президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, эки тарап кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүшү керек деген жыйынтыкка келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек арада туруктуулукту камсыз кылары айтылды.

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

«Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт. Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тиреш жаратып келген Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) аймагын берүүгө даяр», — деп айтылат расмий маалыматта.

Галина Байтерек чек араны делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечерин билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.