Бир суткада коронавирус 82 адамдан табылды, бир адам каща болду

Окуялар тизмеги 20 Мар 2021 13:40
0 ой-пикир

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 55, Чүй облусунда — 19, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 395 бейтап, амбулатордук түрдө 363 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 321 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 130 киши айыгып чыкса, 1 миң 488 адам каза болду.

Сүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.