Баалуулуктардын алмашуусу жана ким коркунучтуу: коррупционерлерби же “көгүштөрбү”?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 09 Мар 2021 16:43
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште ызы-чуу болду, эки депутаттын ортосунда уруш чыкты. Депутат Дастан Бекешев экс-бажычы, коррупция үчүн айыпталып жаткан Райымбек Матраимовду коргогон митингге чыккан “айрым кесиптештерин” сындады. Ага депутаттар Таабылды Тиллаев жана Бактыбек Райымкулов жооп беришти. Депутат Райымкулов Дастан Бекешевди сексуалдык багыты башка адамдарды коргойсуң деп күнөөлөп, аны “көгүш” деп атады. Бекешев да унчукпай калган жок жана бир топ сөздөрдү жооп катары айтты.

Калп, ишенүүгө болбойт

Парламенттин 6-чакырылышы дагы бир жолу саясий, этикалык маданияты төмөн экенин далилдеп, төмөн түштү. Бирок бул жерде көйгөй тереңде. Баалуулуктардын алмашып, калктын аң-сезимин манипуляциялоо жана туура эмес үгүт жүргүзүү.

Алар кантип билинет? Коррупциянын шериктери өздөрүнүн туура эмес иштерин жаап-жашырууну үчүн сөз эркиндигин жана өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн ар тараптан чектөөгө аракет кылып келишет. Коррупцияга каршы болгондорду, демократиялык баалуулуктарды карманган адамдарды, сөз эркиндигин, журналисттердин коррупцияга каршы иликтөөлөрүн колдогондорду, жарандык коомду коргогондорду “Батыштын агенттери” деп каралашат.

Кыргыз коррупциясына каршы болгондордун баарын жана Батыштын тарапташтарын же ЛГБТ-коомчулугунун мүчөсү деп аташат же сексуалдык багыты туура эмес адам дешет. Ал адам үй-бүлөлүүбү, балдары барбы, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды карманабы, ага карашпайт, баары бир логикага сыйбаган, факты жок эле ар нерселерди жабыштырышат.

Бардык пропагандисттердей эле коррупционерлер мурдагы кылымдын ортосунда жашаган доктор Геббельстин жөнөкөй форумалсын карманышат: “калп канчалык коркунучтуу болсо, ага ошончолук бат ишенишет”.

Пропагандисттер жалаа жабуу үчүн гомосексуалдарды тандап алышканы бекеринен эмес. Калктын калың катмары үчүн үй-бүлөлүк жана моралдык баалуулуктар өтө маанилүү роль ойнойт жана башка нерселер, башка маданият өөн учурайт. Баалуулуктарды алмаштырып, фактыларды бурмалаган коррупционерлер бардык оппоненттерин салттуу эмес баалуулуктарды колдогондор менен байланыштырышат.

Чындыгында кандай?

1. Чындыгында, Батыш Европанын бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө жана Америка Кошмо Штаттарында башка этникалык топтордун, диндердин өкүлдөрүнө, анын ичинде ар кандай сексуалдык багыттагы адамдарга толеранттуулук менен мамиле жасашат. Бирок бул бул Батыш баалуулуктарын колдогондор Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугунун үгүтүн жүргүзөт дегенди билдирбейт. Кеп Батыш өлкөлөрүнө экономикалык жана саясий ийгиликтерге жетишүүгө жардам берген ошол демократиялык жана укуктук инструменттерди биздин өлкөдө колдонуу жөнүндө сөз болуп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан ыкмалар бар болсо калп эле кайрадан жаңы нерсе ойлоп табышыбыз керек дегендин эмне кереги бар?

2. Мен салттуу эмес сексуалдык багыттагы адамдарды басмырлабайм, бирок, адатта, алар жеке жашоосун жарнамалашпайт, айрыкча, Кыргызстанда жумшак айтканда, аларды өтө жактыра беришпейт жана начар мамиле жасашат. ЛГБТ-коомчулугу өздөрүнүн баалуулугун пропагандалашпаса коомго эч кандай зыян келтиришпейт деле. Алар коомчулуктан жашырынып, өздөрү тууралуу жарыя кылбай жашашат.

3. Коомчулук үчүн коррупция көп зыян алып келет.

Коррупционерлерде кандай ири каражаттар (хан сарайлар, элиталык батирлер, кымбат баалуу автоунаалар, жайлар, аңчылар үйлөрү, чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлк ж.б.) бар экенин көрүп, алар өлкөдөн дагы канча каражаттарды жашыруун чыгарып кетишти деп ойлоносуң.

Коррупция биздин келечекти уурдоодо

Эми элестетип көрсөңүз, бул акчанын бардыгы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө — кыргыздардын «Кремний өрөөнүн» курууга, инновациялык борборлорду, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген заводдорду, заманбап сүт фермаларын, эт заводдорун, логистикалык борборлорду курууга жумшалганда кандай болот эле… Акыркы 30 жыл ичинде Кыргызстанга канча грант, насыя, долбоорлор, инвестиция тартылгандыгын эске алганда, биздин өлкө бүткүл Борбор Азия үчүн чыныгы инновациялык, интеллектуалдык борборго айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ эле.

Бирок ушул пландардын, биздин келечегибиздин жана балдарыбыздын келечегин коррупциялашкан чиновниктер уурдап, натыйжасыз мамлекеттик лидерлер Кыргызстанды жакырчылыктын туңгуюгуна кептешти, карызга батырышты.

«Коррупционер — азамат» — катардагы кыргызстандыктын ой-жүгүртүүсү

Бирок буга пара алгандар гана эмес, биздин маданият жана коомдук аң-сезим дагы күнөөлүү. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө коррупционер чиновниктер жалпы коомдук кодулоого дуушар болот. Мисалы, Скандинавия өлкөлөрүндө коррупция боюнча соттолгон адам менен көчөдө саламдашышпайт, аны менен бир дасторкондо кафеде отурушпайт, ал коомдон чыгып калат. Мындан жаман жазаны ойлоп таба албайсың.

Башка бир катар өлкөлөрдө коррупционерлердин тизмеси бар — эгер сотто адамдын коррупционер экендиги далилденсе, анда анын аты-жөнү сайтта жайгаштырылат. Коррупционерлер үчүн кандайдыр бир «уят тактасы» десек болот. Коррупционерге жана анын үй-бүлөсүнө коомчулук кандай мамиле кылып каларын элестетип көрүңүз. Анан албетте, адам колун улуттук казынага салаардан мурун, анын кесепети жөнүндө миң жолу ойлонот.

Ал эми бизде коррупционерлерге карата мамиле кандай? Бизде казынаны уурдаган адам “азамат”. Биздин бай-манаптык түшүнүк кымбат унаасы бар, хан сарайда жашаган, айдоочу жана жан сакчы жалдап жүргөн байкелерге сый менен мамиле кылууга түртөт. Ал мынча акчаны кандай жол менен тапканы маанилүү эмес. Элдин эсебиненби, коомчулукка баары бир. Аны мактап турушат. Ишенбей жатасызбы? Бир эле мисал келтирейин. Мамлекеттен тендерди утуп алып, ар бир тыйынына чейин аны ишке ашырууга жумшаганыңызды көпчүлүк кандай кабыл алат? Туура, көпчүлүк сизди мамлекеттин акчасын кымырып калбаган, жарымын чөнтөгүнө салбаган, эмнегедир баарын долбоорго киргизген “акылсыз” деп аташат. Мына биздин психология!

Бүт бардык жакта ушундай: мамлекеттен уурдоо уят деп эсептелбейт, анткени биз бюджетти абстрактуу, бөтөн нерсе катары кабыл алабыз, андан жеке муктаждыктарыбызга коротсок болот деп эсептейбиз. Көпчүлүк мамлекет биз экенибизди жана бюджет биздин капчык экенин, андан келечегибиз көз каранды экенин түшүнбөйт.

Кезектеги президентти тактан кулатуу менен, кыргыз эли акыры алгылыктуу өзгөрүүлөр болот деп ишенет. Көйгөй “ак үйдүн” 7-кабатында эмес, биздин оюбузда экендиги менен ишибиз жок.

Биз туура анализ жүргүзүп, туура багытка басым жасоону үйрөнмөйүнчө паракорлор биздин негизги жушманыбыз экенин билмейинче өлкө үчүн батышчылдар, “орус дүйнөсүнүн” агенттери, ЛГБТ-коомчулугу ж.б. душман деп жүрө беребиз.

Душмандарыбыз жаныбызда эле жүргөнүн аңдабайбыз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.