Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоодо коомдук коопсуздукту сактоого даяр

Окуялар тизмеги 18 Мар 2021 13:35
0 ой-пикир

Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өткөн маалымат жыйынында Ош ШИИБнын начальнигинин орун басарлары Таалай Нурбаев, Ашым Раимбердиев жана Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Өткүрбек Жүжүров билдирди.
Иш чаранын жүрүшүндө маалым болгондой, бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында 6 муниципалдык аймактык башкармалык жана 1 айыл аймактык башкармалыктар бар. Алардын ичинен ачылган шайлоо участкаларынын саны 78.
Шайлоону учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Ош ШИИБ тарабынан күч каражаттар эсепелип чыгарылды. 2021-жылдын 11-апрель күнү өтө турган шайлоого Ош шаарынын аймагында ачылган 78 шайлоо участогуна коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн көпчүлүк ички иштер органдарынын ар бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын санына жараша 4 кызматкерден кем эмес кызматкер кызматкерлери тартылат. Бул күндөрү коомдук тартипти сактоого милиция кызматкерлерине фискалдык органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана элдик кошундун мүчөлөрүнүн жардам берүүсү пландаштырылууда. Ар бир кичирайондогу шайлоо участкаларындагы абалды көзөмөлдөө үчүн жетекчилик курамдан жооптуу кызматкерлер бекитилет.
Ош шаардык ИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт . Шайлоону өткөрүүгө байланыштуу Ош шаардык ИИБы тарабынан кошумча бир нече атайын талдоо жана ыкчам-тергөө топтору түзүлгөн.
Шайлоо өнөктүгү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери кандай тартипте иш алып баруусук керектиги, укуктары жана милдеттери тууралуу тиешелүү сабактар өтүлдү. Ички иштер органдарынын кызматкерлери кандайдыр бир партиянын кызыкчылыгын колдобойт, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча өз кызматтык милдеттерин аткарышат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоо өнөктүгүнө катыштыгы бар бардык мекендештерди, талапкерлерди жана саясый партияларды шайлоо өнөктүгүн ынтымакта, мыйзамдуу укуктарды сыйлоо менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузбастан катышууга чакырат. Кимде ким Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын бузуп, жарандардын эркин шайлоо укуктарына ар тараптуу тоскоол боло турган болсо-мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын эскертет.

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру 0702825261.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.