Кытай өзүнүн биринчи планета аралык станциясын Марска учурду

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 16:24
0 ой-пикир

Кытай өзүнүн биринчи планета аралык станциясын Марска учурду. «Тяньвэнь-1» жабдыгы «Кызыл планетага 2021-жылдын 11-февралында жетет. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик «Синьхуа» агенттиги билдирди.

Жүк ташуучу «Чанчжэн-5» ракетасы космостук аппарат менен 23-июлда Хайнань провинциясындагы Вэньчан космодромунан учту. 36 мүнөттөн кийин зонд ийгиликтүү түрдө орбитага чыкты.

Миссиянын максаты — Марстагы жашоонун издерин жана планетаны колонизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп эсептелет. Эгер миссия ийгиликтүү болсо, окумуштуулар планетанын атмосферасын, рельефин, магниттик талаасын жана башка өзгөчөлүктөрүн изилдей алышат. Кытай 2017-жылы Күн системасын изилдөө боюнча ири долбоор жарыялаган. Марсты изилдөө бул программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Долбоордо Айга учуу, Юпитер жана астероиддерди изилдөө, улуттук орбиталык станцияны куруу каралган. Бул үчүн Хайнань аралында жаңы космодром курулуп, өтө оор жүктөрдү космоско ташый турган ракета иштелип чыккан.

20-июлда Бириккен Араб Эмираттары да Марска космостук аппаратын жөнөткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.