ВИДЕО: Бириккен Араб Эмираттары Марска космос кемесин учурду

Окуялар тизмеги 20 Июл 2020 19:03
0 ой-пикир

Бириккен Араб Эмираттары алгачкы жолу «Аль-Амаль» («Үмүт») аттуу космикалык зондун Марска учурду. Анын жардамы менен өлкө жыл бою кызыл планетанын аба-ырайынын калыптанышын изилдөөнү көздөөдө.

Бул миссиянын баасы 200 миллион долларды түзгөндүгү айтылат.

Космостук аппарат Танэгасима аралындагы япониялык космодромдо 20-июлда жергиликтүү убакыт менен саат 01:58 учурулду. Ал Марска жети айдын ичинде жетет деп күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, зонд 430 чакырым бийиктикте ракета-алып жүрүүчүдөн ийгиликтүү ажырады.

Алгач ракетаны учуруу 14-июлга белгиленген, бирок аба ырайына байланыштуу эки жолу кийинкиге жылдырууга туура келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.