Бюджетке жыл башынан бери 14 млрд сом түшпөй калды

Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 19:38
0 ой-пикир

Сырттан жардам албаганда социалдык милдеттемелерди өз убагында аткара алмак эмеспиз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү түрүндө 14 млрд сом түшпөй калды.

«Ачык айтайын сырттан жардам албай койсок кыйын болмок, социалдык милдеттемелерди өз убагында аткара алмак эмеспиз. Учурда бюджеттик кызматкерлерге айлык маянасын төлөө, пенсия, жөлөкпул боюнча социалдык милдеттемелер өз убагында аткарылып жатат — анын ичинде сырттан алынган каражаттын эсебинен. Маселен, өткөн мезгил ичинде бюджеттин киреше бөлүгү — салык, бажы төлөмдөрү, салыктык эмес жыйымдар — 57 млрд сомдон ашты. Ошол эле убакта социалдык милдеттемелерге гана кеткен чыгымдар 72 млрд сомдон ашты. Айырма дээрлик 15 млрд доллар болуп жатат. Ал башка чыгымдарды (ал чыгымдар кыйла кыскартылган) эсептебегенде, социалдык милдеттемелерге кеткен чыгым болууда. Социалдык милдеттенмелердин бир топ бөлүгү сырттан алынган каражттардын эсебинен аткарылды. Сырттан алынып жаткан каражаттар жеңилдиктер каралган шарттар менен алынууда», — деди Асрандиев.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов сырттан тартылган финансылык каражаттын ар бир тыйыны боюнча отчёт берилерин белгилеген. Коронавирус менен күрөшүүгө жалпы 645,0 млн АКШ доллары суммасындагы каражаттары тартылган, алардын ичинен финансылык жардам – 627,3 млн АКШ долл., гуманитардык жардам – 17,7 млн АКШ долл. Бул каражаттар саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарына колдоо көрсөтүүгө жана экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүүгө багытталары айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.