Боронов: Сырттан тартылган каражаттын ар бир тыйыны боюнча отчёт беребиз

Окуялар тизмеги 03 Июл 2020 09:15
0 ой-пикир

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө чет мамлекеттерден жана өнөктөштөрдөн келген каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аны тиешелүү фискалдык жана укук коргоо органдары буга көзөмөлдөйт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы сырттан тартылган финансылык каражаттын ар бир тыйыны боюнча отчёт берилерин белгиледи.

«Коронавирус менен күрөшүүгө өнөктөштөрдөн жана чет өлкөлөрдөн жалпы 645,0 млн АКШ доллары суммасындагы каражаттары тартылууда, алардын ичинен финансылык жардам – 627,3 млн АКШ долл., гуманитардык жардам – 17,7 млн АКШ долл. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бюджетти колдоого 291,9 млн АКШ доллары түштү, ал эми инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 206,2 млн АКШ доллары тартылууда. Бул каражаттар саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарына колдоо көрсөтүүгө жана экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүүгө багытталган», — деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле ал Өкмөт ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү жана экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүп жатканын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.