COVID-19: бир суткада 6 киши каза тапты, анын бири врач

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 10:16
0 ой-пикир

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты киши кайтыш болду. Алардан бири — медицина кызматкери. Бул тууралуу Саламаттык сакто министрлигинин өкүлү Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.

«Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынан бир бейтап, Аксы райондук ооруканасынан бирөө, Жайыл райондук оорукасанынан бир бейтап, Лейлек аймактык ооруканасынан бирөө, Токтогул аймактык ооруканасынан бир бейтап коронавирустан көз жумган. Каза болгон медик Темиркан Жарматова Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштечү», — деди ал.

Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 173кө жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.