Ош облустук оорукананын дарыгери Темиркан Жарматова коронавирустан каза болду

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 21:50
0 ой-пикир

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Темиркан Жарматова каза болду.

Дарыгердин COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган. Жарматова бир нече жыл ооруканада бөлүм башчы, жетекчинин орун басары болуп иштеген. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери ардактуу наамын алган.

Жарматова Темиркан Досатовна — 1955-жылы 20-апрелде Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында туулган.

Маркумдун артында жолдошу жана эки кызы калды.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстан боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан республикада 2076 медициналык кызматкерден коронавирус табылып, анын 583ү айыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин алты медициналык кызматкер коронавирус менен күрөшүп жүрүп, илдет жуктуруп алгандан кийин каза болгонун маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.