23 миң 783 адам. Штаб коронавирус боюнча статистиканы жаңылады

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 12:06
0 ой-пикир

Бүгүнтөн тарта алдын ала кабарлагандай, Кыргызстанда пневмония оорусу да коронавирус катары каттала баштады.

Тактап айтканда, коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар (пневмония) да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирмей болду.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жаңыланган статистикасына караганда, 17-июлга карата бир суткада COVID-19 диагнозу 1 миң 654 адамга коюлду. 83 бейтап каза болду.

Жалпысынан, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 адам болду. Каза болгондордун жалпы саны 785ке жетти.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен коронавирустун статистикасын бөлүп карап келген.

Бүгүнкү брифингде министрликтин өкүлү Айнура Акматова акыркы суткада коронавирус 603 адамдан аныкталганын, 6 бейтапдын көз жумганын маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында азырынча коронавирус боюнча сатистика жаңылана элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.