Исмаилова: Пневмонияга чалдыккандар коронавирус катары катталат

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 16:48
0 ой-пикир

Пневмония менен ооруп калгандар мындан ары коронавирус болгон деп эсептелет. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда айтты.

Ал Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча клиникалык нускаманын үчүнчү версиясын бекиткендигин айтты. Муну эксперттер иштеп чыккан. Ал коронавирус менен ооругандарды, илдеттин өтүшүп кеткен түрүн жана пневмонияны стационарда жана амбулатордук түрдө дарылоо алгоритминен турат.

Анын айтымында, ДССУ тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР- тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат», — деп кошумчалады вице-премьер.

Ал эми коронавирус жана пневмония боюнча өз алдынча жүргүзүлгөн статистика бириктирилерин тактаган жок.

Март айынан бери пневмония жалпы 612 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Ал эми коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 167 кишини түздү.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.