«МК»: Жапаров коррупционер-аткаминерлерге согуш жарыялады, эми ким иштейт?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 03 Фев 2021 13:54
1 ой-пикир

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коррупцияга аралашкан, аброю таза эмес адамдарды мамлекеттик кызматка коюуга тыюу салган жарлыкка кол койду. Ал жаштарга жана кесипкөй адистерге басым жасап жатат. «МК» сурамжылоо кылган серепчилер идея жакшы экенин, бирок аны Кыргызстандын шартында ишке ашыруу чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин айтышкан.

Садыр Жапаровдун өзүнүн аброю таза эмес экенинен баштайлы. Октябрдагы нааразычылыктарга чейин ал “бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу” жана “барымтага алуу” беренелери менен соттолгон болчу. Октябрда Жапаров бийликке келгенден кийин сот мурдагы чечимдерин жокко чыгарды, бирок артынан ээрчий турчу сөз калды. Анын өткөн күндөрү тууралуу оппозиция дайыма эске салып келет.

Жапаровдун жаңы кадрдык саясаты дагы суроо жаратууда. Анын башкаруусу учурунда Москвадагы ресторандын администратору Дастан Дүйшекеев карьералык тепкичтерден тез эле көтөрүлүп, Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы болду. Ал эми түштүктөгү президенттин резиденциясынын жаңы жетекчиси Санжарбек Төлөнбаев Россиядагы «таксомотордук кызматында» менеджер болуп иштечү…

Кыргызстандык саясатчы Игорь Шестаковдун айтымында, мамлекеттик кызматка тажрыйбалуу кадрларды табуу кыйын болгонунун себеби маянанын аздыгы. Мамлекеттик кызматкерлер айына орточо 8-10 миң сом (100 долларга жакын) маяна алышат. Системаны коррупционерлерден тазалайбыз деп айтып коюу эле жетиштүү эмес, татыксыздарды кандай критерийлер менен жумуштан кетиришери маанилүү экенин түшүнүү керек.

“Кыргызстанда көптөгөн саясатчыларды саясий себептерден улам коррупционер атай беришет. Демек, кадрларды тандоодо так, даана критерийлер керек. Кыргызстанда тажрыйбага эмес, башкаруучу партияга жакындыгына карап кызматка коюу көнүмүш адам болуп калган. Жапаров кыска мөөнөттө өлкөнү кризистен чыгарарын убадалап жатат, ал үчүн жаңы адамдар керек. Бирок жада калса, жаңы адамдар дагы 8-10 миң сом маяна менен жашап кете алышпайт да. Мындай маяна үй-бүлөнү бир жума багууга дагы жетпей калат да. Анан албетте, башында чын жүрөгүнөн иштейм деп барган мамлекеттик кызматкерлер уурдап башташат. Аткаминерлердин санын кыскартып, маянаны жогорулатуу керек. Ошондо гана кадрларды жаңылоо жыйынтыгын берет”,- деди Игорь Шестков.

Жапаровдун идеясын уникалдуу деп атоого болбойт. ЕАЭБдин алкагында Армения жакында дал ушундай жолду басып өттү. Никол Пашиняндын өкмөтү дагы мурунку бийликтен мураска калган коррупционерлерге каршы күрөштү жарыялады. Бирок Пашинянда жетиштүү сандагы кесипкөй кадрлар болгон эмес, ал эми айрым адамдар маянанын аздыгынан улам кызматка отурууну каалашкан жок. Натыйжада кызматка мурдагы эки президенттин жана “Республикалык партиянын” тарапташтары болбогон кишилердин баарын кызматка ала башташты. Буга байланыштуу мамлекеттик башкаруу начарлай баштады. Чет элдик инвесторлор жана Армениянын өнөктөштөрү жаңы бийлик кандай багытта кетип жатканын түшүнө албай турушту. Мындай абалдан Азербайжан пайдаланып, Карабахтын көп бөлүгүнө ээ болууга аракет кылды.

Кыргызстанда согуш чыгып кетүү коркунучу жок, бирок экономикада чоң көйгөйлөр бар. Айрым маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы менен көмүскөдөгү тармак өлкө экономикасынын 40%ын, айрым маалыматтар боюнча 80%ын ээлегендиктен өлкөнүн ИДПсы 25%га чейин кыскарышы мүмкүн эле.

“Жапаровдун чечими популисттик. Чындыгында, мамлекеттик аппарат өтө чоң, ошондуктан аны жаңы кадрлардын эсебинен толугу менен реформалоо дээрлик мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, мурунку бийлик менен байланышы жок жаңы адамдар өз милдеттерин начар аткарышат. Аларда эч кандай институционалдык тажрыйба болбойт, иш процесси кандайча жүрөрүн, бөлүмдөрдүн жана мекемелердин арасында документ менен иштөө кандай болорун билшпейт. Биринчи кезекте, мамлекеттик аппараттын туруктуулугуна доо кетет.

Мына ушул жерде Жапаров чындыгында эле Кыргызстандагы бийликтин философиясын жана структурасын түп-тамырынан бери өзгөрткүсү келип жатабы жана мамлекет кайда жана кандай темп менен бара жатат, аны кантип башкаруу керек деген түшүнүк барбы деген суроо туулат”,-деди Орусиянын Илимдер академиясынын Борбор Азияны таануу борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин.

Материалдын түп нускасы «Московский комсомолец» сайтына жарыяланган.

Автор — Михаил Катков

«МК»: Жапаров коррупционер-аткаминерлерге согуш жарыялады, эми ким иштейт?” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Гулзат.

    Эмне учун Окмотто отургандар 8-10мин айлык менен турмуш тирикчилигин откоро албайт дейт.Эмне биз кыйратып Бир жерден айлык алып жатыппызбы ,корунгон жерде кара жумуш менен иштеп уйбулону багып келип жатабыз ,жада калса пособия алалбай келем.тапшырганыма канча болду дагын деле дайыны жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.