Бир суткада 603 кишиден коронавирус чыкты. Жалпы 13 101

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 10:09
0 ой-пикир

Кыргызстанда 17-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 603 учур катталды. Анын ичинен аялдар — 302, эркектер — 301. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 300, Чүй облусу — 82, Ош шаарында — 67, Ош облусу — 42, Жалал-Абад облусу — 48, Ысык-Көл облусу — 6, Баткен облусу — 53, Талас облусу 5 адам.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 13 миң 101 адамга жетти.

Алардын ичинен : Бишкек шаарында — 6027, Чүй облусунда – 2278, Ош шаарында — 1270, Ош облусунда – 817, Жалал-Абад облусунда – 805, Нарын облусунда – 654, Баткен облусунда – 513, Ысык-Көл облусунда – 418, Талас облусунда — 109.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.