Февралдын он күнү. Жыйынтык чыгарабыз

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Фев 2021 14:06
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

2021-жылдын февраль айынын биринчи бөлүгү жаңылыктарга бай күндөр катары Кыргызстандын тарыхында калат.

Өкмөттүн жаңы түзүмү, премьер-министр кызматына күтүлбөгөн талапкер, парламенттин Өкмөттүн курамын бекиткени, отставкалар жана жаңы дайындоолор, борбордун мэринин кызматын аткаруучунун дайындалышы, жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо тууралуу жана Конституция боюнча референдум өткөрүү жөнүндө жарлык, Баш мыйзамдын долбоорунун жарыяланышы, экс-муфтийдин камакка алынганы, Райымбек Матраимовдун соту жана ага айып пул салуу тууралуу чечим ж.б.

Сооронбай Жээнбековго жана анын командасына салыштырмалуу жаңы бийлик алда канча жандуу экенин байкадык. Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев сыяктуу эле журналисттерге жакын болуп, социалдык тармактарда активдүү болуп, ыңгайсыз жана курч суроолордон качпай, жооп берүүдө.

Өкмөт

Саясатчылардын көбү, депутаттар жана эксперттер жаңы премьер-министр буга чейин Өкмөт башчынын милдетин аткарып келген Артем Новиков болот деп күтүшкөн. Себеби Өкмөт жаңы болгону менен өткөөл мезгилдеги Өкмөт болууда. Башкача айтканда, Конституция кабыл алынып, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттар шайлангыча иштейт.

Аткаруу бийлигинин жетекчиси Эсептөө палатасынын төрагасы, 40 жаштагы Улукбек Марипов болору күтүүсүз жаңылык болду. Жаш аткаминер ар кайсы медиа аянттарында жана социалдык тармактарда жасалган чабуулдун бутасы болду. Анын карьералык өсүшү жана позициясынын чыңдалышы кызыкчылыгы бар бир топтун планына кирбегени көрүнүп турду. Ошондуктан кичинекей катачылык болсо дагы тажрыйбасыздык, одоно ката, президенттин кадр саясатынын начардыгы катары баалана бермекчи.

Мариповго оңой болбойт, өтө оор болот. Кесипкөй пиар-куралдарды колдонгон көрө албастарга каршы туруу үчүн ал пиар-түзүмүн чыңдап, маалымат кызматын жакшыртуусу керек болот. Каршылаштарында маалыматтык шылтоо аз болушу үчүн болушунча так, даана иштөөгө туура келет. Абылгазиев сыяктуу кызматта отуруп кетип кала албайт.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу адамды дайындоого байланышкан абалда президент Мариповду күнөөлөбөгөнү Марипов үчүн чоң колдоо болду. YouTube каналында жайгаштырылган видео маеги учурунда өлкө башчысы Садыр Жапаров төмөнкүлөрдү ачык айтты: “Эрмек Нургазиев мага кабылдамага келген. Мен ал таза адамбы деп эки жолу сурадым. Ал арты таза экенин айткан. Мурда мамлекеттик кызматта иштебегенин, бизнес менен алек болуп, курулуш менен алектенгенин айткан. Ал аялга кол көтөргөнүн айткан эмес. Биз бул тууралуу дайындагандан кийин гана билдик”.

Эксперттер Өкмөттүн жаңы түзүмүн дагы активдүү сындап жатышат. Ал чындап эле терең анализ жасалып анан кабыл алынган чечим эместей көрүндү. Өкмөттүн курамына болгон суроо көп жана буга чейинки курамдан эффективдүү болот деп айтууга эрте. Бирок Өкмөттүн түзүмү алмаштырууга болбой турган мавзолей эмес да. Кыязы, эгерде ал алдына коюлган иштерди аткара албаса, анда алмаштырылат өңдөнөт.

Ошондуктан, “иштегенге мүмкүнчүлүк берели” деген туура окшойт. Себеби жаңы Өкмөткө бааны жок дегенде 100 күндүк ишинен соң берсек болчудай.

Экс — муфтийге байланышкан чуу. Биринчи жактын атынан

Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өз каалоосу менен кызматтан кетип, андан соң кармалганы акыркы күндөрү өтө күтүүсүз жана көп талкууга алынган жаңылыктардан болду. УКМК финансылык бузуулар, ажылык сапарга баргандардын каражаттарынын максатсыз пайдаланылганы жана бул кылмышты жабуу үчүн чекисттерге 100 миң доллар пара беришкени боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

11-февралда Садыр Жапаров YouTube-каналында жайгаштырган маегинде Муфтияттагы абал жана Максатбек ажы Токтомушев боюнча пикирин билдирди.

Жапаров белгилегендей, шайлоо кампаниясынын башында ага Токтомушев келип Аалымдар кеңеши жана “Өкмөттөн келген адамдар” аны кызматтан кетиргени жатышканын айтып арызданган. Садыр Жапаров муфтийдин көзүнчө Өмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаевге чалып, муфтияттын ишине кийлигишпөө тууралуу тапшырма берген, эгерде туура эмес иштер болуп жатса багыт берип гана туруу керектигин айткан. Ошондой эле анын сөзүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Акин Токталиевге дагы жеткирип коюу тапшырмасын берген. Ушуну менен сөз бүткөн.

Бирок инаугурация болордо Садыр Жапаровго бири-бирине каршы болгон эки дин ишмерлери муфтийди кызматтан кетирүү тууралуу маселени көтөрүп жатканы тууралуу жана муфтийди акча уурдаган деп күнөөлөп, YouTube-каналындагы сабактар аркылуу динди бурмалап коомго жеткирүүдө деп айыпташкан деген маалымат жеткен.

“Менин колум бошобой жаткандыктан жардамчым Арзыбек Бурхановго тапшырма берип, Максат Токтомушевге барып, маселени тынч жол менен чечип алышы керектигин айтып коюусун өтүнгөм. Бурхановдун катасы ал Токтомушевге барбай, Акин Токталиевге барып, ызы-чууну басып коюңуз деп айткан экен. Токталиев туура эмес маалымат айтып, “кет деп жатат” дептир. Эртеси ызы-чуу күчөй баштады. Инаугурация жакындап калган мезгилде мечитте муфтий менен, Абдышүкүр ажы жана Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү менен жолуктум. Биз 4 саат сүйлөштүк. “Былтыркы ажылыкка барабыз деп адамдар төккөн 16 миллион долларды жеп койдуң” деп күнөөлөштү. Токтомушевден ушул каражаттар боюнча отчет талап кылып жатышыптыр, ал макул болбой жатыптыр”,-деди президент.

Президент текшерүү үчүн өзүнүн бухгалтерлеринин жардамын сунуш кылганын, эки тарап тең макул болгонун белгиледи. Текшерүүнүн натыйжасында 16 миллион доллардын 7 миллион 700 миңи сомго алмашылганы жана банкка процентке салынганы белгилүү болгон. Бирок доллардын баасы өскөндүктөн 700 миң доллар чыгым болуп калышыптыр. Андан сырткары, 155 миллион сомун фирмага бердик дешет, алар шайлоого бир партияга колдонуп салышыптыр. Бүгүнкү күнү ажылыкка барчу адамдарга акчалар толугу менен кайтарылган эмес.

“Учурда ММКлар, социалдык тармактар мен же Ташиев муфтийди каматты деп жатышат, орду керек экен дешүүдө. Төбөдө Кудай карап турат, мага ал орундун кереги жок. Бул кызматка татыктууларын шайлап алышсын”,-деди президент.

12-февралда Биринчи май райондук соту экс-муфтийди үй камагына чыгарды.

Конституция

Акыры, өлкөнүн жаңы Баш Мыйзамынын долбоору коомдук талкууда пайда болду. Ал аркылуу президент чексиз ыйгарым укуктарга ээ болот. Садыр Жапаров өзү муну «акыйкаттуу» эле чечим деп эсептейт, анткени буга чейин мамлекет башчы да таасирдүү ыйгарым укуктарга ээ болгон, бирок ийгиликсиз иштер премьер-министрге же парламентке жүктөлүп келген.

Бирок азыр деле мындай мүмкүнчүлүк бар. Себеби премьер-министр администрациянын жетекчисинин кызматын бирдей алып кетет. Ошондуктан эгерде катачылык кетсе президент ал ийгиликсиз кадамдарды ага шылтап кое алат.

Ошентсе дагы, Конституциянын долбоорун өзгөртүү үчүн коомчулукта мүмкүнчүлүк бар. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы бардык кызыкдар жарандарды 9-мартка чейин Баш Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин парламентке жөнөтүүгө чакырды.

Райымбек Матраимовго карата чыккан чечим

Райымбек Матраимов боюнча соттук отурум тез өттү. Баса, эми ал Матраимов эмес, Ысмайылов. Юристтер муну айыпталуучу тергөөчүлөр менен иштөөгө макул болгону менен байланыштырышып, ошондуктан айып пул гана салынды дешти. Матраимов 24 миллион доллар же 2 миллиард сом кайтарып берди, күнөөсүн мойнуна алды. Эми ал 260 миң сом гана айып пул төлөйт. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай чечимге өтө нааразы болушту.

Бир чети Матраимов мамлекеттин “чөнтөгүнө” акча төлөп берди. Бул жакшы, себеби Матраимов Атамбаевдин доорунда “гүлдөп”, Жээнбеков болсо аны жашырып, Жапаровдун башкаруусу алдында гана айыпталуучу болду. Бир чети Жапаров менен Ташиев мындай кетиши менен коррупцияны кантип жойгону жатышат түшүнүксүз.

Эмне тынчсыздандырат?

Кыргызстанды кандай реформалар күтүп жатканы алигиче белгисиз. Коррупция менен күрөш – бул камакка алуу менен гана бүтпөйт, ал комплекстүү иш-чаралар менен коштолушу керек.

Тармактарды реформалоо Өкмөткө берилгени да туура эмес. Анын иши башка. Система өзүн-өзү реформалай албайт, ал эми 4-5-октябрдагы окуялардан кийинки кайрылуусунда Садыр Жапаров айткан реформалар боюнча комитет дагы деле түзүлө элек.

Балким, шашылып жаткандырбыз, мүмкүн Жапаров реформалар планы жана программасы тууралуу Конституция менен бекиген президент катары жасаган биринчи кайрылуусунда айтаттыр.

Бийликте бүгүн өтө чоң талкуулар болуп жатканы түшүнүктүү. Система солгундоодо жана ар кайсы топтор өлкө башчысына жакын болуу аракетин көрүшүүдө. Бул жаңы тартиптин калыптануусу үчүн табигый процесс, андан эң аз жоготуулар менен чыгууга болот, же каталарды көбөйтүп алышса, саясий кризистин кийинки айлампасына келип кептелишет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.