Президенттин Ютубга жарыяланган кайрылуусу эмне себептен өчүрүлгөндүгү айтылды

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 19:20
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбековдун «YouTube» каналына жарыяланган кайрылуусу эмне себептен өчүрүлгөндүгү айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы 10-июлда бул тууралуу расмий комментарий берип, баштапкы видеонун өчүрүлүшүн фейк аккаунттардын деструктивдүү комментарийлери менен түшүндүрдү.

«Видеонун астына абдан көп деструктивдүү мүнөздөгү комментарийлер, анын ичинде аймак аралык ажырымды козуткан, адамдын ар-намысына шек келтирген комментарийлердин көбү фейк аккаунттардан жазылгандыктан, видеону өчүрүп салуу жана комментарий калтыруу функциясыз кайра жүктөө тууралуу чечим кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, ушул оор мезгилде биримдикке жана өз ара жардамдашууга чакырган. Президенттин басма сөз кызматы өзүнүн расмий Ютуб каналына кайрылуунун видеотасмасын жүктөшкөн болчу.

Видео өчүрүлгөнгө чейин аны 27 миңдей адам көрдү, 300дөн ашуун комментарий түштү. Болжол менен он саттан кийин, жактырган белгилер 300дөн, ал эми жактырбаган белгилер төрт миңден ашканда видео сайттан алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.