Президенттин өлкөдөгү эпидкырдаалга байланыштуу кайрылуусу Ютубда өчүрүлдү

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 14:29
0 ой-пикир

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Коронавирус инфекциясынан айыккандар боюнча көрсөткүч төмөн болуп, жаңы катталган учурлардан 6 эсе аз болууда. Өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын саны 10 миңге чукулдап бара жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, ушул оор мезгилде биримдикке жана өз ара жардамдашууга чакырган. Президенттин басма сөз кызматы өзүнүн расмий Ютуб каналына кайрылуунун видеотасмасын жүктөшкөн болчу.

Интернет колдонуучулар президенттин кайрылуусун дароо активдүү талкуулай башташты. Кимдир бирөө аны колдогон билдирүү калтырса, көбүнчөсү катуу сын пикирлерин калтырышкан.

Ютубдагы кескин сын айткан комментарийлер тазаланып жатты, буга катар дизлайктар (видеону жактырбагандар) жакты белгисин (лайк) баскандарга караганда абдан көбөйүп жатканы көзгө урунду.

Түндө себебин түшүндүрбөй туруп, президенттин маалымат кызматы президенттин кайрылуусун Ютубдан таптакыр өчүрүп салышты.

«Видеону жүктөгөн колдонуучу аны алып салды», – деген жазуу пайда болду.

Президенттин маалымат кызматы, учурда окуя боюнча комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.