Бишкектеги №1 шаардык оорукананын башкы дарыгеринин иши текшерилет

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 11:30
0 ой-пикир

Бишкектеги №1 шаардык оорукананын дарыгери Дөөлөтбек Ибраимовдун кайрылуусу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги териштирүү жүргүзөт. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан комиссия түзүлдү.

«Бул кайрылуу боюнча атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн Республикалык штабда премьер-министр текшерип, эртеңкиге чейин жыйынтыгын чыгарууга тапшырма берилди», — деди Акматова.

Мындан сырткары, ал ооруканага келген бейтаптарды кабыл албай эшигин жаап алган медиктердин видеосу боюнча дагы жооп берип, эгер орундуктарды сатуу фактылары катталса, башкы дарыгер кызматтан алынарын эскертти.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Бишкектеги №1 шаардык оорукананын дарыгери Дөөлөтбек Ибраимовдун видеокайрылуусу таркаган. Анда ал башкы дарыгер Жусуп Бошкоев өзүнүн тааныштарын, чиновниктерди жана алардын жакындарын жаткырууга медиктерди мажбурлап жатканын айткан. Ошол эле учурда «ооруканага келген бейтаптар кабыл алынбай калууда» деп билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.