ВИДЕО: Ооруп жаткан дарыгер агынан жарылды

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 00:02
0 ой-пикир

Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов бийликке катуу кайрылуу жасады.

Анын айтымында, адистердин жетишсиздигинен дарыгерлер илдетке кабылып ооруп жатышат. Андан тышкары, ооруканада жеке коргонуу каражаттары жетишсиз.

«Чыдамсыз абал жаралды. Эч нерсеге карабастан, биз өз милдетибизди аткарып жатабыз. Врачтар коронавирус жана пневмония менен ооругандарды кантип дарылоону үйрөнүштү. Азырынча өлүм аз. Бирок бир чиновниктин айынан улам, биздин ишибиз жабыркап жатат. Биздин дарыгерлер күн сайын обсервациядагы терапиялык бөлүмдөн жеке клиникага бара жаткан адамдарды жолуктурушат. Ал клиника башкы дарыгерге таандык. Бул аймакка киргенге болбойт деп эскертүү бергенибизге карабастан, кулак салышбайт», — дейт дарыгер.

Ал белгилегендей, бул оор күндөрдө башкы дарыгер шарт түзүүнүн ордуна, врачтардын ишине тоскоолдуктарды түзүүдө.

«Башкы врач бизге кат жүзүндө жазып, ооруканага кимди жаткыруу же жаткырбоо жөнүндө көрсөтмө берет. Бул учурда бейтаптар босогодо каза болушууда. Бардык кызматкерлер — дарыгерлер, медайымдар жана санитаркалар — чындыкты айта алышпайт, анткени алар жумуштарын жоготуудан коркушат. Сиз (башкы врач) эч качан кызыл зонага кирген эмессиз, эгер ал жакта эмне болуп жаткандыгын билбейсиз. Анда биздин ишибизди кандайча жакшырта аласыз? » — деп кошумчалады Дөөлөт Ибраимов.

Анын айтымында, дарыгер кызматтан бошогондон коркпойт. Ооруканада болуп жаткан мыйзамсыздыктар жөнүндө унчукпай коё албайт.

Белгилей кетсек, №1 Мамлекеттик клиникалык оорукананын башкы дарыгери — Жусуп Бошкоев.

Буга чейин социалдык тармактарда дарыгердин анонимдүү кайрылуусу жарыяланган. Анда медициналык мекеменин жетекчилиги өзүнүн туугандарына орун кармап тургандыгы айтылган. Бул учурда ооруканага кабыл алынбаган бейтап көз жумган.

Анонимно 🎭 : Я разочарована в своей профессии.Не говорите мне, что я спасаю людей. Не говорите что на нас сейчас все…

Posted by Чолпон Калиева on Sunday, July 5, 2020

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.