«Өз жакындарына ооруканаларда орун «брондогон» жетекчилерге чара көрүлөт, — Боронов

Окуялар тизмеги 07 Июл 2020 19:11
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда дарыгерлердин «айрым аткаминерлер ооруканалардагы орундарды брондогондуктан, оор бейтаптар сыртта каза болушууда» деген билдирүүлөргө өкмөт жооп берди.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында коронавирус жана пневмонияны дарылаган ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү бекитилет.

«Тилекке каршы, мындай маалыматты биз да окудук. Арабызда ушундай жетекчилер бар экени өкүндүрөт. Эки күндөн бери вице-премьер да ушул маселе менен иштөөдө. Кайсы оорукананын жетекчиси экени азырынча белгисиз, издеп жатышат. Ал табылса катуу чара колдонулат. Мындай иштерди болтурбоо максатында атайын буйрук иштелип чыкты. Ага бүгүн кол коём. Эми коронавирус жана пневмонияны дарылаган ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү байланат. Ал ошол жерден ишин баштап, ошол жерден жумушун бүтүрөт. Оорукананын башкы дарыгери менен тең жатып, тең турат. Ушундай жол менен көзөмөлдөбөсөк оорукана башчылары жогоруда айтылгандай иштерге барууда», — деди өкмөт башчы.

Боронов ооруканаларда орун туруп, бирок кайрылган бейтаптарды кабыл албай койгон жетекчилерге катуу чара колдонулаарын белгилеп кетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.