«Менин да күнөөм бар», — мойнуна дөңгөлөк илинип, кордолгон аялдын билдирүүсү

Окуялар тизмеги 04 Июл 2020 22:19
0 ой-пикир

Сузак районунда мойнуна дөңгөлөк илинип, жолдошу тарабынан зомбулукка кабылган аял коомчулукту терс пикирлерди жазбоого чакырды.

«Турмуш» басылмасына ал жолдошу камакка алынса үй-бүлөсү бузуларын, андай жашоону каалабай турганын билдирген.

«Мен эжемдикине Ошко барган элем. Эки күнгө жооп берди эле, мен үч күн туруп калдым. Жолдошум үйдө жалгыз болуп калды, курсагы ачты. Ошол үчүн да ачууга алдырып койду. Видеону тартып, эжеме гана жөнөтөрүн айтты. Мен макул болдум. Менин да күнөөм бар. Эжеме жөнөтүптүр, чай коюп жатсам эле үйгө эжемдер кирип келишти. Эми 1-2 мүнөттө болгон окуя коомчулукка жайылып, биздин үй-бүлөгө ар кандай терс пикирлер айтылып жатат. Кайын журтум тарабынан эч кандай кысым болгон жок. Саламаттыгыма зыян келтирген жок. Жакшы эле жашап жатканбыз. Күйөөм кеткенден баштап жалгыз жашап, кошуналарымды шерик болуп жатууга чакырып жаттым, кыйналдым. 22 күн жолдошум убактылуу кармоочу жайда жатты. Ал камалып кетсе кимге пайда да, кимге зыян? Мага үй-бүлөмдүн бүтүндүгү керек. Мен да үй-бүлөмдү сакташым керек. Соттор шарттуу түрдө 2 жыл берди, ушунчалыгына да шүгүр. Мен ошол окуядан бери эле жолдошумду кечиргенимди айтып келе жатам», — деген зомбулук көргөн аял.

Эскерте кетсек, буга чейин Сузакта аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган зөөкүр күйөөнүн видеосу коомчулуктун катуу талкуусуна алынган.

Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйында талкууланган. 15-июнда парламент имаратынын алдында аялдардын укугун коргоо акциясы да өткөн.

Сот зөөкүр күйөөнү эки жылдык пробациялык көзөмөл иретинде жазага таркан.



Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.