Дөңгөлөк асылып кордолгон аял. Сот залынан бошотулган зөөкүр күйөө

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 11:43
0 ой-пикир

Коомдо чоң резонанс жараткан Сузакта аялына дөңгөлөк илип кордогон эркек жазадан кутулуп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, отурум бүгүн, 2-июлда Сузак райондук сотунда болуп өткөн. Анда сот айыпталуучуну эки жылдык пробациялык көзөмөл иретинде жазага тартты. Ал сот залынан камактан бошотулду. 

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Сузак районунда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, суу чачкан окуя боюнча иш соттун кароосуна жиберилгенин маалымдаган. 

Пробациялык көзөмөл – бул соттолгон адамдарга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү боюнча; аларды оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу боюнча Мамлекеттик жазоо аткаруу органы тарабынан жасалуучу иш.

Эскерте кетсек, буга чейин Сузакта аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган зөөкүрдүн видеосу коомчулуктун катуу талкуусуна алынган.

Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйында талкууланган. 15-июнда парламент имаратынын алдында аялдардын укугун коргоо акциясы да өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.