Сузакта аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган зөөкүрдүн видеосу коомчулуктун катуу талкуусуна алынды. Үрөй учурган окуя боюнча Жалал –Абад ички иштер башкармалыгы видеонун «каарманын» кармалганын жана Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.
Алгач бул окуя кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жоруктар кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталган. Кийинчерээк, коомдо чоң резонанстты жараткандыктан улам КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн.