Ак үйдүн жанында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өттү. ФОТО

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 13:55
0 ой-пикир

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн жанында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өттү.

Жалпысынан иш-чарага ондой адам катышты. Алар зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушту.

Акция катышуучуларынын айтымында, алар Кыргызстанда өткөн акыркы окуялар боюнча өз позицияларын билдирүү үчүн Ак үйгө келишкен. Буга укук коргоочу Камилжан Рузиевдин кармалышы, 8-марттагы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышы, 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышы жана Сузактагы зомбулук себеп болгон.

Акциянын жүрүшүндө катышуучулар менен милиционерлер кайым айтышып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аз сандуу митингчилерди түшкө жакын таратты.

Булак, сүрөт: Баракелде

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.