Россияда жарандардын көпчүлүгү конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоду

Окуялар тизмеги 02 Июл 2020 22:25
0 ой-пикир

Россияда Конституцияны өзгөртүүнү жарандардын 77,92%ы колдоп, 21,27%ы каршы добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондордун эң жогорку көрсөткүчү Чеченстанда (97,92%), Тувада (96,79%) жана Крымда (90,07%) катталды. Каршы добуш бергендердин эң жогорку көрсөткүчү Ненец автономдук округунда — анда жашоочулардын жарымынан көбү (55,25%) өзгөртүүлөргө каршы болушкан.

Өлкө боюнча добуш берүүгө жарандардын 65%ы катышты. Эң жогорку көрсөткүч Чеченстанда (95,1%), Тувада (92,8%) жана Башкирияда (90,8%) катталды.

Эске салсак, 14-мартта Россиянын президенти Владимир Путин «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан гана куралары жазылган.

Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып салынып, мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылган. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачкан. Конституциялык сот бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга туура келет деген бүтүм чыгарган.

Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн аны добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдого тийиш. Референдум адегенде 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.